Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Нарын АЙЫП, Прага АКШнын Бостон шаарында Демократиялык партиянын курултайы өтүп жаткан учурда партиянын атынан президенттике көрсөтүлгөн сенатор Жон Керринин тышкы саясат боюнча кеңешчилери атайын жыйын өткөрдү. Алардын айтымында, эгер Керри президент болуп шайланса, АКШнын тышкы саясатын өзгөртүп, эл аралык коомчулук менен тереңирээк кызматташат.

Сенатор Жон Керринин тышкы саясат боюнча кеңешчилери болуп Бириккен Улуттардагы АКШнын мурдагы элчиси Ричард Хоулбрук, мурдагы коргоо министри Уильям Перри, терроризм боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Гэри Харт жана башкалар аракеттенүүдө. Эгер Керри президент болуп шайланса, Хоулбрук мамлекеттик катчы болуп дайындалышы күтүлүүдө, ал 1995-жылы Босния маселесин чечкен дипломат катары белгилүү.

Хоулбруктун айтымында, азыркы президент Жорж Буштун учурунда АКШ бир топ эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер менен мамилесин бир кыйла бузуп алды жана абалды оңдош керек. Керринин кеңешчилери аны билет жана атайын чараларды азыртан көрүп жатат:

- Тышкы саясат маселелери боюнча Керри азыр бир топ даярдык көрдү жана эгер президент болуп шайланса, Ак үйгө маселени чечүүгө даяр болуп келет. Акыркы мезгилде мынчалык даярдыкты алдын ала улуу Жорж Буш гана көргөн.

Хоулбруктун пикиринде, АКШ өкмөтүнүн өзүм билемдик саясатынан эң биринчи кезекте Бириккен Улуттар Уюму жапа чекти жана абал өзгөртүлүүгө тийиш:

- Бириккен Улуттарга мүчө мамлекеттер тең укуктуу болуш керек, аны менен катар уюм өзү дагы азыр бир топ реформага муктаж. Биз аны алсыраткандын ордуна күчөтүүгө тийишпиз. Чындап келгенде, ал жөн гана чоң жыйын, бирок андан башка мындай жыйын бизде жок жана биз андан жөн гана чыгып кете албайбыз. Биз аны колдош керекпиз.

Уильям Перри АКШнын коргоо министри болуп турган учурда СССРдин өзөктүк куралдарына мураскор болгон Беларус, Казакстан жана Украинадан ал куралдар чыгарылган, андан тышкары НАТОнун кийлигишүүсү менен Косово маселеси чечилген. Перринин айтымында, мынчалык чоң эл аралык маселелер кеңири кызматташуу аркылуу гана чечилүүгө тийиш:

- Терроризмге каршы АКШ башка өлкөлөрдү колдоо аркылуу күрөшүш керек, ошондо гана ошол өлкөлөрдөн дагы толук колдоо болот. Жана андай колдоого ээ болуш үчүн, биз башка мамлекеттердин идеяларына олуттуу көңүл бурууга тийишпиз.

Гэри Харттын айтымында болсо, эл аралык коомчулук азыр терроризмге каршы күрөштө мурда коммунизмге каршы кандай күрөшсө, ошондой деңгээлде кызматташууга тийиш. Керринин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Рэнд Биирстин пикиринде, Эл аралык кылмыш соту менен кызматташпаганы үчүн дагы АКШ бир топ аброюн жоготууда. Чет өлкөлөрдөгү америкалык жарандарды бул сот жазалабаш үчүн, АКШ ар башка мамлекеттер менен атайын эки тараптуу келишимдерди да түзө баштады жана андай келишимдерге барбаган өлкөлөргө америкалык жардам чектелиши мүмкүн:

- Менин оюмча, америкалык жарандарды Эл аралык сот жазалабаш үчүн америкалык жардам көрсөтүү эрежесин өзгөртүү маселесин биз абдан олуттуу түрдө карап чыгууга тийишпиз, - дейт Биирс.

Бириккен Улуттардын макулдугун албастан АКШ Иракка каршы согуш баштаганын бир топ өлкө сынга алган, бирок андан көп мамлекет Вашингтонго дароо колдоо көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG