Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

АДИЛЕТ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮНҮН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШ


Быйыл 10-октябрда Кыргызстанда шайлоо жарышына жол ачылат. Оболу жергиликтүү, андан соң облус, район, парламент, аяк улай президенттик шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы чоң саясий өнөктүк башталар алдында айрым чет элдик уюмдар Кыргызстанда адилет шайлоо өткөрүүчү бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөтүп, өлкөнүн ички турмушуна киришип жатканын айтып чыкты.

Чет элдик уюмдардын Кыргызстандын ички саясий турмушуна кийлигишип жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев билдирди. «Азаттык» үналгысы аркылуу ал Кошмо штаттардын Улуттук демократия институту адам укугун коргоо, адилет шайлоо өткөрүү демилгесин аркалаган бейөкмөт уюмдардын түзүлүшүнө колдоо көрсөтүп жатканын маалымдады:

- Улуттук демократия институту өзүнүн офистерин ачып, адам укуктарын коргоо жана адилет шайлоо үчүн деген өкмөттүк эмес уюмдарды түзүүдө. Чет өлкөлүк уюмдун биздин мамлекетибизге карата мындай аракети сыпайычылыкка жатпайт деп эсептейм.

Сулайман Иманбаев айрым бейөкмөт уюм өкүлдөрү четтен келген акчаны акташ үчүн өңгөлөрдүн камчысын чаап жатат деп айыптады. Антип четтен келген жашыл акчаларды кимдер алып жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы так айткан жок:

- Алар өзүлөрүнүн алган акчаларын актап атышат. Бул маселени мен азырынча туюк айтканды эле туура көрүп турам. Менин колумда документалдуу далилдер жок, - дейт С.Иманбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси айрым чет элдик уюмдар улуттук эркиндикти сыйлабай жатышканын, Улуттар уюмунун мындан 5 жыл илгери кабыл алган маанилүү документинин талаптарын аткарбай жатышканын сынга алды.

Дегинкисинде жергиликтүү байкоочулар белгилеп жүрүшкөндөй, чет элдик жардам бейөкмөт уюмдарга берилсе ал өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары бааланат. Кыйла жылдан бери ошол эле өкмөт четтен келген жардамы менен мамлекеттик бюджеттин кемтигин толтуруп келатышынын эрен-төрөнү билинбейт.

Антип, чет өлкөлүк жашыл акчалар деп сестүү эскертип жаткан Борбордук шайлоо комиссиянын пикирине америкалык Улуттук демократия институту жооп кайтара элек. Институт жетекчилиги маселени кеңешип чечип, мамилесин кийинчерээк билдире тургандыгын кабарлоо менен чектелди.

Бул маселеге Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза да кайрылып, бейөкмөт уюмдар менен кызматташуу улантыла тургандыгын кошумчалады:

- Бир нерсе ачык-айкын. Кыргызстандын келечегин эли өзү чечиши керек. Бирок ушу азыр биз Улуттук демократия институту, Фридом хауз, Эларалык республикалык институт кошулуп Эларалык шайлоо фонду окшогон мамлекеттик эмес уюмдарды колдоп, алар, мамлекеттик уюмдар менен биргелешип иштешип келе жатабыз. Бул суроолорду биз да талкуулап өз пикирибизди айтып келатабыз.

Улуттук демократия институту Кыргызстандагы парламенттик, президенттик шайлоонун эларалык стандартка жооп бере албастыгын, көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөнүн 2000-жылы эле жарыя айткан. Аны Бишкек шаар кеңешинин депутаты Гүлмира Маматкеримова шайлоо тууралуу аркыл көзкараштардын бири, мыйзам ченемдүү талаш-тартыш деп эсептейт:

- Менимче, бул кадыресе талаш-тартыш. Ага чычалабаш керек. Пикирлер айтылыш керек, атүгүл курч талаш-тартыштар болуп турсун. Жеке адамдар, уюмдар көз караш, позицияларын айтып турушу абзел.

Маматкеримованын ырасташынча, чет элдик уюмдардын шайлоо ишине түздөн-түз кийлигишине мыйзам жол бербейт:

- Эларалык уюмдар, маселен Улуттук демократия институту бейөкмөт уюмдардын уставында көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга жардам көрсөтүшөт. Бейөкмөт уюмдарда Кыргызстандын атуулдары иштешет. Алар өз жерине, өлкөсүнө пайдасы тийе турган иштерди жасашка куштар. Улуттук демократия институту, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюму бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөткөнү Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүнү билдирбейт. Бейөкмөт уюмдардагы адилет шайлоо өткөрүүгө кызыкдар атуулдардын аракетинен кынтык издөө туура эмес. Бул жерде эларалык уюмдар эмес, өлкө атуулдары укугун коргоп жатышпайбы,- деди Гүлмира Маматкеримова.

Акыйкат жана прогресс партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев өргө умтулган өлкө шайлоо өткөрүүдө эларалык стандартты карманышы абзел дейт:

- Бул жалпы системалык маселе. Стандарттар. Өнүккөн өлкө болобуз дегенден кийин ошол стандарттарга жакындап барыш керек. Ошол стандарттарды кармаш керек.

Кыргызстанда өтүүчү парламенттик, президенттик шайлоого Батыш өлкөлөрү өзгөчө чоң үмүт артып отурат. Ал иш жүзүндө кандай чыгары эмдиги жылы билинет.
XS
SM
MD
LG