Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Ысыккөл облусунун айрым райондорунда карышкыр күч алды


КАРАКОЛ. Тоң районундагы Туурасуу айылынын тургуну Жумакадыр Элебековдун тынчсызданганына караганда, быйыл карышкырлар өзгөчө күч алды. Маселен, аталган райондогу Тоң, Күнчыгыш, Төрткыз жана Болот Мамбетов атындагы айыл өкмөттөрүнүн алыскы жайлоолорундагы малчылардын короолоруна таламандын тал түшүндө эле качырып кирген карышкырлар койлорду кекиртектеп өлтүрүп, козуларды тиштей качышууда. Бир түндүн ичинде эле бир жылкы, беш кулунду жок кылган карышкырларга айбат бергидей мылтыктары жок малчылар кимден жардам сурарын билишпей айлалары кетүүдө. Себеби райондо мергенчилер коому жок, - дейт Жумакадыр Элебесов.

XS
SM
MD
LG