Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Күзүндө премьер министрлер чогулат


БИШКЕК. Бүгүн Кытай борбору Пекинде Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн эксперттеринин жыйыны башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын ШКУ боюнча улуттук координаторунун кеңсесинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жыйында уюмдун өнүктүрүү фондун түзүү жана экономикалык багытта кызматташуу маселелери талкууланат. Андан сырткары сентябрь айында Кыргызстанда боло турган Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынынын күн тартибине киргизилчү маселелер да такталмакчы. Ал эми өкмөт башчылар жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө сөз болот, деп белгилешти ШКУ боюнча улуттук координатордун кеңсесинен.

XS
SM
MD
LG