Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Маалымат алуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги «Хаят» мейманканасында «Маалымат алуудагы кыйынчылыктар жана келечек» деген темада эл аралык конференция башталды. Ал Сорос фонду, Трансперенси интернешнл жана Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин катчылыгы тарабынан уюштурулган.

Конференцияда маалымат каражаттарынын, коомчулуктун маалымат алуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков жыйында ачык маалымат мейкиндигин түзүүдө бийлик тарабынан жасалып жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, облустарда маалымат борборлорун түзүү, министрликтер, мекемелердин интернетте өз баракчаларын ачуусу - бийликтин бул багытта жасап жаткан кадамдарынын бири. Бирок маалымат каражаттарынын өкүлдөрү маалымат алууга бийлик тарабынан тоскоолдуктар жоюлбаганын айтышып, алгачкы убактарда Аксы окуясынын чыныгы абалын жашырууну мисал катары келтиришти. Конференция жума күнү соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG