Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

ТАЛАСТА ЭКИ ЖУРНАЛИСТТИН ҮСТҮНӨН СОТ АЯКТАДЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас Талас облустук сотунун кылмыш иштер боюнча коллегиясы жакында эки журналисттин үстүнөн соттук териштирүүнү аяктады.

Талас шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиев өткөн жылдын 30-июлунда Талас шаардык сотуна республикалык “Эркин тоо” гезитинин Талас облусу боюнча өз кабарчысы Батыркул Боронбаев жана Талас облустук “Талас турмушу” газетасынын бөлүм башчысы Козубек Иманкуловдун үстүнөн арыз менен кайрылган.

Арызында Кенжаалы Орозалиев бул эки кабарчы ал жөнүндө республикалык “Асаба”, “Агым”, “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо” жана облустук “Талас турмушу” газеталарына 1995-жылдан бери анын ар намыс, кадыр-баркына шек келтирген макалаларды жазып, аны "өзгөчө оор кылмыштарды жасап, жүз миңдеген сом акчаларды жеп камалды, жумуштан кетирилди" деген ушактарды таратты деп кайрылган жана бул эки журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Бул иш боюнча Талас райондук сотунун судьясы Салтанат Эсенгулова соттук иликтөө жүргүзүп, 2004-жылдын 23-апрелдеги өкүмү менен Батыркул Боронбаев коюлган айыптардан толук акталган. Ал эми журналист Козубек Иманкулов Кылмыш жаза кодексинин 127-статьясынын 2-бөлүмү менен күнөөлү деп табылып, эң төмөнкү айлык акынын жүз эсе өлчөмүндөгү айып салынган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгынын майрамдалышына карата мунапыс берүү жөнүнүндөгү мыйзамдын негизинде берилген жазадан бошотулушкан.

Райондук соттун бул өкүмүнө нааразы болгон Кенжаалы Орозалиев облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылат. Облустук соттун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын бул иш боюнча чыгарган өкүмү туурасында төрагалык кылуучу судья Мирбек Кенжешев мындай дейт:

- “Эркин тоо” газетасынын кабарчысы Боронбаевди, "Талас турмушу” газетасынын кабарчыбысы Иманкуловду Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 127-статьясынын 3-бөлүмү менен ушактоо, башкача айтканда, оор кылмыш жасаган деген айып менен коштолгон адамдын ар намысы жана кадыр-баркына шек келтирген, беделин кетирген, жалган маалыматтарды маалымат каражаттары боюнча жайылтканда жооп бере турганга ушул статья менен куүнөөлү деп таап жана айып төлөмү салынып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10 жылдыгын жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгын майрамдоо боюнча жакында эле чыккан Кыргыз Республикасынын мунапыс берүү мыйзамынын биринчи статьясынын “з” пункту менен булар белгиленген жазадан бошотулушту.

“Талас турмушу” газетасынын кабарчысы Козубек Иманкуловдун пикири:

- Менин оюмча, облустук соттун коллегиясынын өкүмү калыстык иретте болбой калды, себеби биз материалды эсеп палатасынын актысынын негизинде жана укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде бергенбиз. Эми биз Жогорку сотко көзөмөлдүк иретте кайрылабыз. Жогорку сотто акыйкаттык жана адилеттик болот деген чоң ишенимдемин.

“Эркин тоо” газетасынын Талас облусу боюнча өз кабарчысы Батыркул Боронбаев соттун өкүмү адилесиз болгондугун мындайча билдирди:

- Облусттук соттун коллегиясынын кечээ кабыл алган чечимине мен эч убакта макул эмесмин, анткени бул өзү акыйкаттык менен кабыл алынган жок. Биринчиден дооматым ушул. Республикадан келген адвокаттын сунуштарына, пикирине, кошумчасына облустук соттун коллегиясы эч кандай көңүл бурган жери жок. Алар өздөрүнчө эле чечип коюшту. Экинчиден, бул сотто биз биринчи жолу суралып жаткандан кийин биз толук жооп бергенибиз жок. Эгерде биз ушундай чечим чыгараарын билгенде, анда тиешелүү документтерди кошумча алып, башкача кылат элек. Ал эми бул шашылыш, ойлонулбаган, аргументсиз түрдө чечим чыгарып коюшту. Менимче бул туура эмес, бул жөнүндө биз дагы даттанабыз, арызданабыз, чындыкка дагы жетүүгө биздин акыбыз бар, биз ошого жетишебиз деп ойлойм.

Ал эми Талас шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кенжаалы Орозалиев сот өкүмү туурасында мындай дейт:

- Мына бүгүн сот процесси бүттү. Мен айтып аткан, мага жамандык кылып жүргөн корреспонденттер жазасын алышты 127-статья менен. Бирок ушул эле статьяны райондун соту Эсенгулова булардын күнөөсүнө кылмыш составы жок деп статьясын жеңилдетип койду эле, бирок бул иш бүттү. Булардын мага асылып келатканына он жылдай болуп калды. Массалык маалымат каражаттарына мени жегич, ичкич, коорупционер, шылуун, жулик, камалып калды деген сөздөр менен жалган жалаа жаап жүрүштү. Мен ойлойм, булар өздөрүнүн татыктуу жазасын алды окшойт.
XS
SM
MD
LG