Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

ИРАКТЫК БАРЫМТАЧЫЛАР ПАКИСТАНДЫК ЭКИ ЖАРАНДЫ ӨЛТҮРҮШТҮ


Ирактык барымтачылардын пакистандык эки жаранды өлтүрүүсүн ырасмий Исламабад бейшемби күнү айыптады. Козголоңчу топтун барымтадагы чет элдиктерди өлтүрүүсү, алардын чет элдиктери Иракка аскер жөнөткөн өлкөлөргө кысым көрсөтүү үчүн кеңири колдонууга алганын дагы бир ирет тастыктайт.

-Бул - Пакистандын калкы үчүн өтө кайгылуу күн. Бул - үй-бүлөлөр жана бүтүндөй улут үчүн кайгылуу күн. Бул - ашынган мыкаачылык. Барымтачылар күнөөсүз эки пакистандыкты өлтүрүштү. Алар эч кандай кылмыш жасаган эмес болчу. Ага карбай, барымтачылар Пакистанга каршы, исламга, адамзатка жана Ирак элине каршы кылмыш жасашты.

Пакистандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Масуд Хан бейшемби күнү ирактык согушчандардын пакистандык эки жаранды өлтүрүүсүнө байланыштуу ушундай билдирүү жасады.

Бир күн илгери барымтада отурган пакистандыктардын үй-бүлөлөрү согушчандарга кайрылып, чок башыларын койо берүүнү өтүнүшкөн эле.

Туткундагы инженер Ража Азад Хандын улуу кызы Назай Хан атасынын аман-эсен кайтып келүүсүн тилеп, барымтачыларга мындай өтүнүч жасады:

- Менин атам бейкүнөө адам. Анын Ирактагы саясый жагдайга эч тиешеси жок. Ошон үчүн, адамгерчилик кылып, аны бошотууңуздарды өтүнөм. Биз да силердей мусулманбыз. Динибиз да, пайгамбарыбыз да, кудайыбыз да бир. Суранабыз, атамды койо бергиле.

Бирок пакистандык жарандар иштеген Кувейттик фирманын Ирактан чыгып кетүүсүн талап кылган согушчандар диндештеринин кайрылуусун угушпады.

Өткөн айда ирактык согушчандардын башка бир тобу кувейттик ишкананын барымтага алынган пакистандык кызматкери мусулман экенин билишкенден кийин, аны өлтүрбөй койо берген.

Эки жаранды өлүмгө тарткан барымтачылар ошондой эле ырасмий Исламабаддын өз аскерлерин Ирактагы көп улуттуу күчтөрдүн курамына жөнөтпөөнү талап кылган эле. Пакистан Ирактын өкмөтү өтүнүч жасаса жана башка мусулман өлкөлөрү аскерлерин Иракка жиберсе гана, өз жоокерлерин Иракка жөнөтөөрүн мурда билдирген.

Куралдуу топтор оболу аскерлерди барымтага алышса, кийинчерээк бул тактикасын өзгөртүп, чет элдиктерди уурдачу болушту.

Жакында уурдалган иорданиялык эки айдоочу, алардын үй-бүлөсү барымтачыларга кайрылгандан соң, аман бошотулчудай болуп турат. Анткени, алар иштеген иорданиялык компания – согушчандардын жана барымтадагы иорданиялыктардын жакындарынын кысымынан улам - Ирактагы ишмердүүлүгү кыскартылаарын билдирди.

Адамдарды барымтага алуу Иракта чоң өнөкөткө айланган. Апрелден бери барымтачылар жети кишинин башын алды. Он үч чет элдиктин, анын ичинде америкалык жоокер Кит Маттью Мопин менен болгарияык айдоочунун тагдыры белгисиз.

Барымтачылар айрым мамлекеттерди араздаштырууга да жетишти. Үстүбүздөгү аптада Австралиянын тышкы иштер министри Александер Даунер Филиппиндин барымтадагы букарасынын өмүрү коркунучта деп, 44 жоокерин өткөн жумада Ирактан чыгарып кетүүсүн, барымтачылардын “чырагына май тамызуу” ирети баалады:

-Мадриддеги бомба жарыдрууларынан кийин Испаниянын аскерлерин чыгарып кетүүсү жана жакында филиппиндиктердин барымта окуясынан улам чыгарылуусу, ошондой эле Филлипин жаранын өлтүрөбүз деп коркутуу террорчуларды дагы күчтөндүрдү.

Доунердин бул сөзүнөн кийин шаршемби күнү Филиппин өкмөтү Австралиянын Маниладагы элчисин сүйлөшүүгө чакырды. Анда эмне кеп болгону жарыяланбады. Лекин, маалымат булактары Даунердин сөзүнө байланыштуу нааразычылык айтылганын кабарлашты.

Европада жана Жакынкы Чыгышта сапарда жүргөн АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл учурдан пайдаланып, союздаш өкмөттөрдү бурамтачылардын талабына көнбөөгө үндөп чыкты. Пауэлл шейшемби күнү Мажар сыналгысына берген интервьюда:

-Биз бомбаларды, барымтаны жана баш алууну колдонгон адаватчылардын жеңишинине жол бербешибиз керек. Муну Мажарстандын калкы түшүнөт деп ойлойм. Ошон үчүн, силердин аскерлер Иракта жүрөт. Бул маселени силердин парламент менен силердин депутаттар жакшы түшүнүшөт деген ойдомун.

Ирактагы көп улуттуу күчтөрдүн курамында азыр Мажарстандан 350 аскер бар.
XS
SM
MD
LG