Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Ю.РЕРИХТИН КАРАКОРУМДУК КЫРГЫЗДАР ТУУРАСЫНДА АЙТКАНДАРЫ


Муратбек Кожобек, Бишкек Бүгүнкү кыргыздардын байыркы тарыхын аныкташ үчүн ар кайсыл жакка чачырап кеткен кыргыздардын этникалык топтору туурасында маалымат топтоо зарыл. Кыргыздардын мына ушундай тобу жөнүндө өз убагында айтылуу окумуштуу Ю.Н.Рерих жазып кеткен.

Кыргыз элинин байыркы тарыхын калыс баамдап, аныгына жете изилдеш үчүн өз маалында ар кандай себептер менен туш тарапка чачырап кеткен кыргыздардын этникалык топтору туурасында маалымат топтоо зарыл. Кыргыздардын мына ушундай тобу жөнүндө айтылуу окумуштуу Юрий Николаевич Рерихтин Тибеттен Каракорум багытында жасаган саякат мезгилинде кагаз бетине түшүрүлгөн.

Профессор Рерих 1925-жылы Индиянын Сдинагар шаарынан чыгып Гималай тоосу менен этектеш Каракорумда жашаган кыргыздарды жолуктуруп, алар туурасында баалуу маалымат жазып алган. Төбөсү көк тиреген Каракорум тоосун сентябрь жана октябрь айларында ашкан экспедицияны Назарбай менен Омархан аттуу эки кыргыз жетектеген топ жол көрсөтүп келген. Ю.Н.Рерихтин кылдат баамдосуна ылайык Каракорумдук жол көрсөткүчтөр менен Тибеттик жол көрсөткүчтөр мүнөзү жана ишке жасаган мамилеси боюнча кескин айырмаланышкан. Каракорумдук же кыргыз жол көрсөткүчтөрү бороон-чапкынга карабай ашууну ашканга умтулушса, тибеттик жол көрсөткүчтөр жалкоо келип, жай жүрүшөт экен.

Экспедиция Индия менен Кытай чек арасына келгенде Кытай чек ара кызматында 20 чамалуу кыргыз жигиттери иштей тургандыгын Ю.Н.Рерих жол китепчесинде жазып кеткен.

Айтылуу окумуштуунун "Ортоңку Азиянын төтө жолунда" деген китебинде каракорумдук кыргыздардын жылкынын бутунун сыныгына кылдат дарыгер экендиктери жазылат.

"7-октябрь. Ашуунун бөксө жолу кербенди оту мол дөбөлөр курчаган кеңири өрөөнгө алып келди. Бул көчмөндөрдүн бийик тоолуу жайыты экен, бардык жактан кыргыз кыштактары көрүнүп турду. Бизди көлөмдүү тери тебетей кийип, ийинине мылтык асынган кырк жаш чамасындагы көрктүү кыргыз жетекчиси коштоп кыштакка келдик. Ак жана ачык-сүр түстөгү кийизден жасалган боз үйлөр шаң сөөлөттүү көрүнүп, жоон топ адамдар бизди тосуп алышты" - деп жазат Ю.Н.Рерих өз китебинде.

Окумуштуунун дагы бир баамдосуна ылайык каракорумдук кыргыздар монгол Алтай менен тоолуу Жунгарияда жашаган туугандарына салыштымалуу кыйла бай жашагандыгы кабарланат.
XS
SM
MD
LG