Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

АКШнын Борбордук Командачылыгынын башчысы Тажикстанда


Дүйшөмбү. АКШнын Борбордук Командачылыгынын башчысы генерал Жон Абизэйд бүгүн иш-сапары менен Тажикстанга келди. Бул күнү Жон Абизэйд Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов менен жолугушту. Анда тараптар Борбор Азия
аймагындагы коопсуздук маселелери боюнча пикир алышты. Генерал Абизэйд өзүнүн сапарынын максаты жөнүндө:

- Менин сапарымынын башкы максаты - коопсуздук тармагында Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон, өзгөчө Ооганстандагы иш-чараларга байланыштуу кызматташтыкты тереңдетүү ,- деди.

Ал тажик өкмөтүнө өлкөнүн Оганстан менен болгон чекарасын коргоого жардам көрсөтүүнү сунуштады.
Буга чейин АКШнын Борбордук Командачылыгынын башчысы Кыргызстанда болуп, президент Аскар Акаев, коргоо министри Эсен Топоев жана башка жетекчилер менен коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прага шаарынан Азиза Турдуева даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG