Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Ооган президенти тынсыздануусун билдирди


Кабул. Ооганстандын президенти Хамид Карзай “Чекарасыз догдурлар” гуманитардык уюмунун өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндөгү чечимине карата тынчсыздануусун билдирди. Карзай Ооган өкмөтү июнь айында уюмдун беш кызматкерин өлтүргөн кылмышкерлер сот жообуна тартылышы үчүн бардык аракеттерди көрүп жаткандыгы жөнүндө маалымдады.

АКШ болсо “Чек арасыз догдурлар” бирикмесинин “Америкалык командачылык Ооганстандагы бейөкмөт уюмдарды саясий жана чалгындоо иштерине пайдаланууда” деген күнөөсүн четке какты.

“Чекарасыз догдурлар” уюму Ооганстанда 24 жыл иштегенден кийин, эми өлкөдөгү кырдаал кооптуу болуп бараткандыктан, өзүнүн кызматкерлерин чыгарып кетип жатканын жарыялады. Соңку кездери Ооганстанда аталган уюмдун беш өкүлү өлтүрүлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG