Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

БУУда Судандын Дарфур аймагындагы абал талкууланууда


Акра. Бүгүн Гананын баш калаасы Акра шаарында бир нече африкалык өлкөлөрдүн жетекчилеринин жыйыны башталды. Жыйынды Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан ачты. Анда Африка өлкөлөрүндөгү айрым чыр-чатактар талкууланууда.

Конго Республикасынын, Либериянын, Мали, Того, Нигер жана башка африка өлкөлөрүнүн башчылары Судандын Дарфур аймагындагы гуманитардык кризиске байланыштуу маселени да талкуулашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши да Судандын Дарфур провинциясындагы абалды талкуулоону улантууда. Европа Биримдиги менен АКШ Улуттар Уюмун Судан өкмөтүнө каршы санкцияларды киргизүүгө чакырууда.

Буга чейин Кошмо Штаттар, Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги Судандын Дарфур аймагында жергиликтүү түштүк африкалыктарды кырып, кордоп жаткан жанжавиддерди кыска мөөнөттүн ичинде куралсыздандырууга чакырып, Судан бийлигине кайрылышкан. Ал эми Улуу Британия Дарфур аймагына 5 миң бейпилдик күчтөрүн жөнөтүшү мүмкүндүгүн билдирген.

Маалыматтарга караганда, Судандын Дарфур аймагында жанжавиддер, башкача айтканда, араб согушкерлери акыркы бир жылдын ичинде эле 50 миңге жакын кишини өлтүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG