Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Эл аралык сот босниялык сербдердин мурдагы генералынын жаза мөөнөтүн кыскартты


Гаага. Гаагадагы Эл аралык Трибунал босниялык сербдердин мурдагы генералы Тихомир Блашкичтин жаза өтөө мөөнөтүн 45 жылдан 9 жылга чейин кыскартты. Ал 2000-жылы сот жообуна тартылып, 92-95-жылдарда Боснияда болгон согушта адамзатка каршы аскер кылмаштарын жасаган жана Женева конвенциясын одоно түрдө бузган деп күнөөлөнгөн.

Учурда ага коюлган 20 айыптын ичинен 17си, алардын ичинде этникалык тазалоолор боюнча кине алынып салынды.

Тихомир Блашкич 1996-жылдын апрель айынан тартакамакта отурат. Маалыматтарга караганда, ал бир жылга жетпеген мезгил ичинде абактан бошотулушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG