Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Иракка араб өлкөлөрүнүн аскерлерин киргизүү маселеси талкуулана баштады


Эр-Рияд. Бүгүн Ирактын премьер-министри Айад Аллави Сауд Арабстандын Жидда шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен жолугушту. Анда тараптар Иракка араб өлкөлөрүнүн аскерлерин киргизүү маселеси талкуулады. Жолугушуудан кийин берген маалымат жыйынында Пауэлл Иракка араб өлкөлөрүнүн аскерлерин киргизүү сунушу Сауд Арабстан тарабынан айтылууда деп маалымдады:

- Бул бизге Сауд Арабстан тарабынан айтылып жаткан сунуштар. Биз бул маселени Ирактын премьер-министри жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен талкууладык. Биз Сауд Арабстандын мындай сунушун колдойбуз жана жакынкы күндөрү аны кароого киришебиз, - деди Колин Пауэлл.

Бүгүн ошондой эле Ирактын премьер-министри АКШ президенти Жорж Буштан Кошмо Штаттарына иш-сапары менен барууга чакыруу алды. Бирок азырынча Аллави АКШга качан бараары белгисиз.

Ал эми кечээ Иракта жалпысынан 100дөн ашуун адам набыт болду. Ирактын саламаттык сактоо министринин бүгүнкү маалыматтары боюнча кечээ Багдаддын түндүгүндө орун алган жардыруудан эле, 70 адам набыт кетип, 50дөн ашууну жараат алды.

XS
SM
MD
LG