Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

ЕВРОБРИМДИК ООГАНСТАНДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖАРЫМ КАРАЖАТЫН КӨТӨРӨТ, БИРОК АГА БАЙКООЧУ МИССИЯСЫН ЖӨНӨТПӨЙТ


Чолпон Орозобекова, Прага Кечээ бейшембиде Евробиримдик Ооганстанда ушул жылы 9- октябрда өтө турган президенттик шайлоону каржылоого көмөк көрсөтүү тууралуу чечим кечээ кабыл алды. Бул уюмдун ырасмий өкүлдөрү билдиргенге караганда, Евробиримдик жалпы чыгымдын жарымын өз мойнуна алат. Бирок, Ооганстандагы шайлоого өз тарабынан көз карандысыз байкоочулар, өлкөдөгү коопсуздук жагдайдан улам, жиберилбейт деген чечимин Евробиримдик мурдагы бойдон калтырууда.

Бейшембиде Еврокомиссия Ооганстандагы шайлоону колдоо үчүн бекитилген каражаттын өлчөмүн дагы 9 миллион еврого көбөйткөнүн жарыя кылды. Демек, Еврокомиссиянын шайлоого көрсөтчү каржылык жардамы баш аягы 24 миллион евро болот. Ал эми ага мүчө мамлекеттердин колдоосун да кошкондо, Евробиримдиктин колдоосу жалпысынан 80 миллион еврону түзөт.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча басма сөз өкүлү Эмма Удвиндин айтымында, бул деген шайлоого кеткен чыгымдын жарымын көтөрүү дегендик:

- Ооганстандагы шайлоо үчүн мындан аркы да каржылык үлүшүбүз бар. Еврокомиссия жана мүчө мамлекеттер шайлоого байланышкан эки чоң долбоордун чыгымынын жарымдайын көтөрүүдө. Мында ооган шайлоочуларын каттоо маселесинде жана добуш берүүчү күндү уюштуруу боюнча сөз жүрүүдө, - дейт Эмма Удвин.

Бейшембиде Евробиримдиктин ырасмий өкүлү бул уюмдун байкоочуларын Ооганстандагы шайлоого жөнөтпөө тууралуу мурдагы чечимин биримдик өз күчүндө калтырарын билдирди. Анын айтымында, Евробримдик Ооганстандагы шайлоого толук кандуу байкоо жүргүзүүгө эч бир эл аралык уюм же өлкө тууралуу азырынча кабардар эмес.

Евробиримдиктеги айрым булактар кабарлаганга караганда, Ооганстандагы кооптуу кырдаал мындай эл аралык көзөмөлдөө тобун жиберүүгө башкы тоскоол болууда. Евробиримдиктин байкоочулары адатта шайлоо боло турган өлкөгө эки апта мурда барышат. Демек, өлкөнү баштан аяк кыдырып, шайлоого даярдыктар кандай уюштурулганына жана анын жүрүшүнө көз салыш үчүн ушунча убакыт талап кылынат.

Ырасмий өкүлдүн айтымында, ооган жерине барган күндө байкоочулар аскерий сакчыларга муктаж болоор эле, ал эми бул жагдай Евробиримдиктин көз карандысыз байкоочу катары беделине шек келтириши ыктымал. Евробиримдик шайлоонун жүрүшүндөгү орчундуу жагдайларга баа бериш үчүн Ооганстанга “Демократияны жана шайлоону колдоо миссиясы” деп аталган өкүлдөр тобун жөнөтмөк болду.

Евробиримдик ооганстандагы шайлоо өнөктүгүнө эл аралык мерчемдер менен байкоо жүргүзүүнүн ордуна шайлоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүү менен чектелмек болду.

Ооганстандагы 10,5 миллион шайлоочунун 8 миллиону катоодон өткөрүлдү. Евробиримдиктин эксперттери катталган шайлоочулардын 41 пайызы аялдар экенин кубанычтуу жагдай катары баса белгилешет.

XS
SM
MD
LG