Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

31-июлга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, июлдун 31 августтун 4 чейин жамгырдын тынымсыз жаашына байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал.

Бүгүн 31-июлда түнкүсүн Кыргызстандын айрым жерлеринде, күндүз көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ өрөөндөрүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33 градус.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35 градус ысык. Ал эми тоо этектеринде түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31 градуска жетет.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26 градус.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27.
БИШКЕКТЕ күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +30…+32 градус ысык болушу күтүлөт.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты
Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG