Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

«Арнамыс» партиясынын координатору өз укугун коргогону жатат


ЖАЛАЛАБАД. «Арнамыс» партиясынын өткөн айда токмоктолгон түштүктөгү координатору өз укугун коргомокчу. «Арнамыс» партиясынын Жалалабад, Ош, Баткен облустарындагы координатору Дарман Жоробеков 30-июлда Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүн сотко берерин билдирди. 22-июндан бери тарткан моралдык жана материалдык чыгым үчүн бөлүмдөн миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылмакчы. «Ал күнү негизсиз кармалып, бөлүмдүн абагында сабалышыма милиционерлер күнөөлүү, майып экендигимди айтсам да кулак салышкан эмес. Саясий активдүүлүгүм үчүн аңдып жүрүшкөн, ага чейин эле телефондон коркутуулар болуп, үй менен партия офисинин терезесин бирөөлөргө сындыртышкан» - дейт координатор. Дарман Жоробеков дарылоо курсунун аяктагандыгына байланыштуу 28-июлда ооруканадан чыгарылган, бирок буту басууга жарабайт, көрүүсү начар.

XS
SM
MD
LG