Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Бейөкмөт уюмдар менен өкмөттүн кызматташтыгы талкууга алынды


ЖАЛАЛАБАД. 30-июлда Жалалабад облусунун өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдарынын кызматташтыгы талкууланды. Жыйында негизги проблемалар боюнча биргелешип кызматташуу макулдашылды. Ага ылайык адам жана бала укуктары, жаштар жана гендер саясаты, аялдар арасындагы кылмыштуулук, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу багытындагы кошмо изилдөөлөр жүргүзүлөт. Социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылында жасалган иш чаралар жагдайында коомдук сурамжылоо өткөрүлөт. Ал иш чаралардын күңгөй-тескей жактары облустагы маалымат каражаттары аркылуу көпчүлүккө жеткирилип туруусу абзел. Ушундай чечимге токтогон тегерек үстөл талкуусун АКШнын улуттук демократиялык институтунун маалымат борбору уюштуруп, аягында туруктуу консультативдик Кеңеш түзүлдү.

XS
SM
MD
LG