Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

АКШнын аскерий базасынын качан кетерин Ооганстандагы жагдай аныктайт


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы аба-аскерий базасынын канча мөөнөт болору Ооганстандагы кырдаалдын өнүгүшүнө жараша аныкталат. Бирок, АКШнын Борбор Азияда туруктуу база түзүү ою жок. Мындай пикирин «Коммерсант» гезитине берген интервьюсунда АКШ мамлекеттик катчысынын Европа жана Азия мамлекеттери боюнча орун басары Елизабет Жонс билдирди. Анын айтымына караганда, АКШнын Борбор Азияда убактылуу жайгашып турган эки базасы которуштуруучу милдетти аткарат. Башкача айтканда, учактар базаларга аскер кызматчыларын жеткиришет, аларды ал жерде башка учактар андан ары алып учушат. Бул жердеги америкалык аскерий курам Ооганстанды тынчтык орнотуучу күчтөр менен жабдуу максатын көздөйт, дейт АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Елизабет Жонс. АКШ баштаган антитеррордук коалициянын аскерий базасы Кыргызстанда 2001-жылдан бери убактылуу жайгашып турат. Ал эми Россия баштаган жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аба-аскерий күчтөрү былтыр октябрдан тарта Кыргызстанга туруктуу жайгашкан.

XS
SM
MD
LG