Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

С.ЯНГ: «ИСЛАМ ДИНИ БОЮНЧА АР БИР АДАМДЫН ӨЗ ПИКИРИН АЧЫК АЙТЫШЫ МААНИЛҮҮ»


Урматтуу угармандар, назарыңыздарга Америка Кошмо штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдан алынган интервьюнун экинчи бөлүгүн тартуулайбыз. Маектин бүгүнкү бөлүгүндө сөз эркиндиги жана Кыргызстан менен АКШнын эл аралык терроризмге каршы кызматташуусу тууралуу сөз болот.

- Урматтуу элчи Стивен Янг мырза, мындан 10 жыл илгери Кыргызстан басма сөз эркиндигин сактаган өлкө саналчу. Сиздин баамыңызда сөз жана басма сөз эркиндигинин азыркы деңгээли кандай?

Стивен Янг: - Менин оюмча, Кыргызстан өткөн 13 жыл ичинде жасаган реформалардын негизинде башка мамлекеттердин өзүнө карата көз карашын өзгөртүп, үмүтүн жогорулатты. Ушул 13 жылдын ичинде Кыргызстанда сөз жана басма сөз эркиндигин камсыз кылуу жаатында бир топ аракеттер жасалды.Бирок, бул абал кынтыксыз деген ойдон алысмын. Анткени, дагы көп аракеттерди ишке ашыруу зарыл.

Эркин басма сөздүн башкы мааниси жана милдети - бул мамлекеттин эл үчүн иштешине көз салуу. Азыр кыргыз коомчулугу бул концепцияны түшүнүп калды. Ал басма сөздүн мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракетине көз салып, кемчилигин сындоосу жана керек учурда кеңеш берүүсү. Мурун мындай мамилени коом да, кызматкерлер да түшүнчү эмес. Андай сынга мурун мамлекеттик кызматкерлер сотко арыз берип жооп беришчү. Азыр мындай фактылар азайып калды. Мисалы, Америкада массалык маалымат каражаттары президентти баш кылып жогорку кызмат адамдарын дайыма сындап турат. Менин пикиримде, мындай сындын жаман жагы жок. Себеби, окурман же угарман айтылган сындын негиздүү же негизсиз экендигин, так же үстүрт экендигин өзү эле талдап алат.

Мамлекеттик кызматкерлер да сынга өз пикирин айткысы келсе ошол эле массалык маалымат каражаттарына барып, өз оюн элге жеткириши маанилүү. Бул коомдо ачык дебат катары кабыл алынышы керек. Ким сындалса, ал өзүн жактап, өз ой-пикирин да ачык билдире алышы зарыл. Менин баамымда, бул адамдын аброюна шек келтирди деп сотко берилген арыздарга караганда эффективдүү. Бул жаатта Кыргызстанда көп ийгиликтер бар, бирок, дагы көп милдеттер алдыда турат. Жакшы ийгилик катары «Фридом хауз» эл аралык уюму тарабынан былтыр ачылган басмакананы мисалга алсак болот. Ал «Учкун» басмасына атаандаш болууда жана көз карандысыз көп гезиттердин сапатын да арттырууда.

- Кыргызстанда саясий партиялардын парламенттик шайлоого катышуу системасы жоюлган. Бирок, бир катар саясий партиялар шайлоолорго даярдыкты катуу көрүп жатышат. Сиздин көз караш боюнча бул партиялык тизме менен шайлоо системасын кайра киргизүүгө жана партияларга карата коомдук көз карашты өзгөртүүгө таасир бере алабы?

Стивен Янг: - Партиялык тизме менен шайлоо системасын кайрадан киргизүү же киргизбөө маселесин кыргыз эли өзү чечет. Мен Кыргызстанда саясий партиялардын көбөйүшүн кубаттайм жана алар Кыргызстандагы демократиянын пайдубалы деп эсептейм. Кыргызстан жаш жана демократиялык принциптерди жаңыдан гана өнүктүрүп келаткан мамлекет болгондуктан саясий партиялардын саны көп. Менин оюмча, саясий партиялардын санын мыйзам аркылуу чектөөгө болбойт. Анткени, шайлоочулар кайсы саясий партияны колдой тургандыгын же колдобосун өздөрү чечип, аны добушу менен аныктайт.

- Азыр Борбор Азиядагы эл аралык терроризм коркунучу күчтүү, анын бир көрүнүшү катары «Хизбут-тахрир» кыймылы аталууда. «Хизбут-тахрир» кыймылынын Кыргызстандын коопсуздугуна коркунучунун деңгээли жогорубу жана АКШ баштаган антитеррорчул коалиция ага каршы күрөштө кандай жардам көрсөтө алат?

Стивен Янг: - Бул сурооңузга рахмат, себеби бул көптөгөн татаал суроолорду пайда кылат. Менин оюмча, бул жерде эң маанилүү нерсе- бул дин тутуу эркиндиги. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, ар бир адам өзү каалаган динин тутууга укуктуу.

Кандай гана уюм болбосун ал өзүнүн максатын курал аркылуу же башка кооптуу ыкма менен ишке ашырса, анда алар коомго коркунуч алып келет. «Хизбут-тахрир» менин билишим боюнча, Кыргызстанга гана эмес Борбор Азиядагы мамлекеттердин түзүлүшүнө каршы. «Хизбут-тахрирдин» мүчөлөрү Өзбекстанда, кээде Кыргызстанда дагы куралдуу террордук акттарды ишке ашырган деген маалыматтар бар. Бирок, бул пикирлерди далилдөө керек. Өзбекстандагы ислам кыймылы Өзбекстанда террордук актыларды жасаган. Ошон үчүн Өзбекстандын ислам кыймылы террористтик уюм катары эсептелет. Бирок, Америка мамлекети анын террористтик уюм экендигине ишене элек. Ага далил жок. Бирок, Америка мамлекети анын экстремисттик саясий максат көздөгөндүгүнө ишенет.

Менин оюмча, Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга керектүү нерсе-бул ар бир адамдын ислам боюнча өз ой-пикирин айтканга мүмкүнчүлүк берүү. Ислам дини боюнча өз ой-пикирин ачык айтканга элдин мүмкүнчүлүгү болгон кезде элдин экстремисттик уюмдарга кошулуусуна шарт болбой калат. Себеби, эл өзүнүн ой-пикирин ачык айта алганда андай жашыруун уюмдарга барып кошулбай калат деген ойдомун.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG