Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынын башчысы Ойталбек Осмонов Ташкенттеги окуя тууралуу толук маалымат түшө элек, ошондуктан эч кандай коментарий бере албаймын, деп билдирди. Ал эми “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов Ташкент окуясы тууралуу мындай пикирин билдирди:
- Бул өтө кейиштүү кабар болуп жатат. Анткени Кыргызстан үчүн Өзбекстан эң маанилүү коңшу өлкө. Ал жердеги туруктуулук биз үчүн абдан маанилүү. Бирок биз азыр корутунду чыгарууга шашылбашыбыз керек.Муну ислам террорчулары жасап жатат, же Каримовдун оппозициясы уюштуруп жатат деп. Анткени 1999-жылы февраль айында болгон жардырууларды Каримовдун өзүнүн өкмөтү уюштурганбы? деген күмөнсүнүүнү көптөгөн талдоочулар айтып келатат. Ошондуктан айтаарым, бул өтө капаланта турган көрүнүш. Бирок биз шашпашыбыз керек.
Өзбекстандагы АКШ, Израил элчиликтериндеги жана өлкөнүн башкы прокуратурасындагы жардырууну Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов саясий акция деп атады:
- АКШнын, Израилдин элчилигинде болсо, Башкы прокуратурада болсо-бул деген саясий акция.
Анын айтымында, толугураак маалымат болмоюн жардырууну ким жасаганын айтуу кыйын. Бирок бул жардыруу КМШ айдыңында акыркы кезде түзүлгөн жаңы кырдаалда болуп жатат. Анткени Шериктештикке кирген мамлекеттер ЕККУга чабуул жасап, Кыргызстанда болсо өкмөттүк эмес жана чет өлкөлүк уюмдарга карата ички ишке кийлигишүүдө деген айыптоолор айтылууда. Кыскасы кырдаал өзгөргөнү көрүнүп турат. Бул деген дүйнөдөгү күчтөр экиге бөлүнүп, пикир келишпестиктерин ушундай жол чечүүгө жол алды дегендик, деп белгиледи Алишер Абдымомунов.