Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Днестр жумуриятынын жетекчилиги румын мектептерин жабууда


Румыниянын президенти Ион Илиеску бүгүн Орус жетекчилигине кайрылып, Молдовадан бөлүнүп кетүүгө аракеттенген Днестр жумуриятындагы абалга кийлигишүүнү талап кылды. Жумурият жетекчилиги жакында румын тилиндеги эки мектепти жаап, аларды орус тилдүү кылып салган. Кечээ күнү болсо расми өкүлдөр үчүнчү да мектепке келип, аларга каршылык көрсөткөн бир нече мугалим менен ата-энени кармап кеткен, алардын бири эмгиче бошотула элек. Днестр жумурияты 1992-жылдан бери Молдова өкмөтүнө баш ийбейт жана маскөөлүк саясат жүргүзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG