Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

ЖОН КЕРРИ АКШнын ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ РАСМИЙ БЕКИТИЛИП, САЯСИЙ ПЛАТФОРМАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ


Азиза Турдуева, Прага Сенатор Жон Керри Кошмо Штаттардын Демократиялык партиясынан АКШнын президенттигине талапкер катары көрсөтүлүүгө өзүнүн расмий макулдугун берди. Керри партиянын Бостон шаарында өткөн курултайында өзүнүн саясий программасын жарыялап, өлкөнүн тышкы саясатын өзгөртүүгө, АКШнын дүйнөдө болгон аброюн кайтарууга жана элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга убада берди.

Жон Керри өзүнүн президенттикке шайлоо өнөктүгүн Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү лидерлик ордун калыбына келтирүү, анын өнөктөш мамлекеттери менен болгон мамилелерин жакшыртуу, терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүү сыяктуу иш-аракеттер аркылуу президент Жорж Буштун администрациясы тарабынан кетирилген кемчиликтерди оңдоого убада кылуу менен баштады.

Бостондо Демократиялык партиянын улуттук курултайында сүйлөп жатып, Керри башкы көңүлдү улуттук коосуздук маселелерине жана Ирактагы кырдаалга бурду. Керри президент Бушту согуштан кийинки Ирактын келечеги жөнүндө ойлонбой туруп, АКШны туура эмес жолго салды жана Иракта согушту негизсиз ачты деп күнөөлөдү. Ошону менен бирге Керри өзү президент болуп калса, эч качан негизи жок жерден согуш ачпай тургандыгын билдирди:

- Президент катары мен Кошмо Штаттары эч качан каалаган мезгилде согуш ачпайт, ага милдеттүү болуп калганда гана согуш ачат деген кылымдардын сынагынан өткөн улуттук салтты кайтарам , - деди Жон Керри.

Ал президенттикке шайланса, эң ириде, АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында орун алган окуялар боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын сунушутарына ылайык, өлкөнүн чалгын кызматтарын реформалай тургынан маалымдады. Керри АКШда аскер күчтөрүн чыңдоо максатында жоокерлердин катарларын дагы 40 миңге көбөйтүүнүн зарылдыгын да белгиледи.

Ал эми Иракка байланыштуу Керри АКШнын өнөктөш мамлекеттерин Иракты калыбына келтирүүгө жана анын коопсуздугуна байланыштуу маселелерди чечүүгө жардамдашууга ынандыраарын маалымдады. Керринин айтымында, ал терроризмге каршы күрөштү Буштун администрациясына караганда, чечкиндүүрөөк жана натыйжалуураак жүргүзмөкчү.

Керри ошондой эле өлкөнүн аскер кубатын жогорулатуу жана улуттук коопсуздукту чыңдоо саясаттарын айкалыштыра тургандыгы жөнүндө да айтып, өлкөнүн Жакынкы Чыгыштын мунайына ишеним артышы Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүн жана экономикасын коркунучка дуушар кылууда деп белгиледи. Бул жөнүндө Керри:

- Мен Кошмо Штаттар Сауд Арабстанды бийлиген падышалык сулаленин үй-бүлөсүнө эмес, өзүнүн күчүнө жана жаңы изденүүлөрүнө гана ишенишин каалайм , - деген Жон Керри АКШнын азыр орчун экономикалык көйгөйлөрү көбөйгөнүн маалымдады.

Бостондо сүйлөп жатып, Керри ошондой эле, өзү жөнүндө үй-бүлөлүк салттарды ыйык сактаган адам, патриот жана чечкиндүү лидер катары таасир калтырууга аракет жасады. Улуттук жыйында сөз сүйлөгөн Керри менен чогуу Въетнам согушуна катышкан ардагерлер жана Керринин эки кызы да Жон Керри жөнүндө патриот катары жылуу сөздөрүн айтышты. Айтмакчы, курултайга Керри өзү Въетнам согушу учурунда командачылык кылган катердин экипажынын курамында болгон арадагерлердин коштоосунда келди.

Керри ошондой эле, Кудайга сыйына тургандыгын да билдирип, бирок, аны өзүнүн иш-аракеттери аркылуу көрсөтөөрүн айтты. Буга байланыштуу ал:

- Мен, Кудай биз тарапта деп кескин айткым келбейт. Бирок, мен Америка президенти Абраам Линкольн бир кезде айткандай, биз Кудай тарапта болушубуз үчүн сыйыналы деп жупуну гана билдирээр элем, - деди Жон Керри.

Ал ошондой эле жакында боло турган презденттик шайлоо Кошмо Штаттардын азыркы мууну үчүн өтө маанилүү саясий өнөктүк экендигин белгиледи. Албетте, Демократиялык партиянын курултайынын башкы максаты – Жон Керри согушту башынан кечирген адам катары өлкөнүн командачылыгын өзүнө алууга даяр экендигине партия мүчөлөрүн ынандыруу болду. Курултайдын делегаттары муну жан дили менен кабыл алышты. Бирок, сенатор Керри Американын калган бөлүгүн ынандыра алдыбы? Муну келе жаткан шайлоо көрсөтөт. Ал эми АКШнын Республикалык партиясынын улуттук курултайы август айынын соңунда өтөт.

XS
SM
MD
LG