Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

МААЛЫМАТ АЛУУ КЫЙЫНЧЫЛЫГЫ ЖАНА АТУУЛДАРДЫН МААНИЛҮҮ САЯСИЙ ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУДАГЫ КАТЫШЫ


29-июль күнү башталган «Маалымат алуудагы кыйынчылыктар жана келечек» деп аталган конференция 30-июлда уланды. Бүгүн «Жарандарга маалымат берүү» жана «Саясий маанилүү чечимдерди кабыл алууда жарандардын катышы» деген темалар боюнча сөз болуп, бийлик органдарынын маалымат кызматтары менен массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы карым-катыш тууралуу кызуу сөздөр айтылды.

Кыргыз республикасынын массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамы боюнча, журналисттер негизсиз түрдө маалымат берүүдөн баш тарткандыгы үчүн мамлекеттик кызматкерлерди сотко берүүгө акысы бар. Интерньюс эл аралык уюмунун эксперттери ушул убакытка чейин бир да журналист тарабынан минтип маалымат бербегендиги үчүн эч кандай мамлекеттик кызматкер сотко берилбегендигин айтышат. Анын себебин журналисттер сотко бергенден кийинки машакаттын көптүгүн жана келечекте дагы башка мамлекеттик тармактардан маалымат алуу кыйынчылыгы келип чыгуусу мүмкүн экендигин айтып түшүндүрүшөт.

Эксперттердин маалыматы боюнча, журналисттердин 62% мамлекеттик кызматкерлерди ар кандай аргументтер менен көндүрүүгө аракет кылышат. 41% маалымат берүү жөнүндөгү мыйзам боюнча аракет кылышат. Айрымдары андан жогору турган инстанцияларга кайрылууну туура көрүшөт. Кээ бирлери таптакыр эле маалымат алуудан үмүт үзүшөт. Ошондой эле маалымат алуу үчүн тиешелүү мамлекет кызматкерлерине акы төлөөгө чейин барган журналисттер да жок эмес. «МСН» гезитинин кабарчысы Токторбек Жаналиев маанилүү маалымат алуу кыйынчылыгын коррупцияга байланыштырат:

- Маалымат алуу кыйынчылыкка турбаган өлкөлөрдүн бардыгында коррупция жок. Бизде антип айталбайсын. Мамлекеттик чиновниктер өздөрү таза иштешпейт, ошондуктан маалымат берүүдөн да дайыма баш тартышат. Эл, журналисттер бардыгын, Кыргызстанда эмне болуп жаткандыгын көрүп-билип турушат. Ошону жок дегенде расмий түрдө тактап коюуга да мүмкүнчүлүк жок, - деди Токторбек Жаналиев.

Ал эми «Франс-пресс» маалымат агенттигинин кабарчысы Толкун Наматбаева маалыматты мамлекеттик кызматкерлерден алгандан көрө жеринен аныктап-тактаган оңой деп эсептейт:

- Бизде болгон окуя тууралуу расмий бийликтен маалымат алуу аябай кыйын. Мисалы, Аксы окуясы болгондо ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев телевизордон чындыкка коошпогон маалымат айтты. Биз ага ишенбей Аксы районундагы бейөкмөт уюмдарга телефон чалып, чыныгы маалыматты алганбыз. Айрым бийлик органдарына кайрылып, маалымат алалбай кыйналгандан көрө, болгон окуяны жеринен тактап алуу оңой.

Конференцияда бийлик органдарынын басма сөз кызматтарынын маалымат каражаттары менен кызматташуусу жөнүндө да кызуу сөз болду. Басма сөз катчылары маалымат каражаттарын бөлүп мамиле жасашат деп айтылган дооматтарды чукул кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Эмил Акматов четке какты:

- Эч качан маалымат каражаттарын өкмөттүк жана эркин деп бөлгөн эмеспиз. Бизде жаап-жашыра турган саясий же диний маалымат жок. Болгон окуялар же кырсыктар тууралуу жалан маалымат каражаттары эле эмес, калайык калк да кызыккан суроосуна жооп ала алышат.

Ушундай эле пикирди ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов да билдирди:

- Кылмышкерлер менен күрөшүү үчүн биз мамлекеттик, оппозициялык деп тандабай бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануубуз керек. Ошондуктан кандайдыр бир маалымат берүүдө басма сөз каражаттарын тандап мамиле жасай албайбыз.

Конференцияда сөз болгон дагы бир маселе- саясий-маанилүү чечимдерди кабыл алууда жарандардын катышы тууралуу болду. «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын сөзү боюнча Кыргызстанга чет жактан келип жаткан компаниялар жана кыргыз өкмөтү түзүлө турган келишимдер, жана аткарыла турган иштер, аларга төлөнүүчү каражаттар тууралуу коомчулукту сөзсүз кабардар кылуусу керек:

- Сырттан келип, өкмөт менен келишим түзгөн компаниялар эмне үчүн биздин ресурстарды алып атат, кандай жолдор менен алып атат? Кыргызстанга экологиялык, саясий-социалдык жактан кандай пайда алып келет? Улут үчүн келечеги кандай? Ушул суроолорду коюп, экономикалык, социалдык укуктарыбызды түздөн-түз донорлор менен сүйлөшүп, өкмөттүн эл аралык демократиялык принциптерди аткаруусуна жетишүү үчүн болгон күчүбүз менен киришип атабыз. Анткени кимдер келип, Кыргызстанда эмне иш жасап, биздин элге, мамлекетке канчалык пайда, зыянын тийгизип жаткандыгын коомчулук билүүсү керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG