Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:37

АДАБИЯТ АРА ЖОЛДО ТУРУ


Базар экономикасынын тушунда улут адабияты оор абалды башынан кечирүүдө. Социализм тушундагыдай мамлекеттик колдоодон ажыраган көркөм сөз өнөрү айласын таппай туру. Кагаз менен каламга күчүн берген чыгармачыл инсандардын катары кыйла суйдаң тартканы менен, дагыле китептер чыгууда. Анткен менен ушу тапта адабияттын баштагы коомдук кадыр-баркы түшүп, чыгармачылыкка ат үстүнөн мамиле кылуунун күнү тууп турган кези.

Улут адабиятыбыздын кечээкиси менен бүгүнкүсүн мыкты билген илимпоз Салижан Жигитов мындан ары көркөм сөз өнөрү эки багытта – биринчиси массалык адабият таризинде, экинчиси элиталык адабият катары өнүгөрүн белгилеп келатат:

- Эки түрдүү өнүгүшү мүмкүн. Биринчиси, массалык маданияттын ичиндеги массалык адабият. Бул болсо детектив, эл окуй турган, элдин табитин буза турган адабият болот. Бирок, айла жок да, мына базарларда отургандар, башкалар окуй турган китептер жазылат. Анан экинчиси элиталык адабият чыгышы мүмкүн.

Массалык адабият дегенибиз ириде окуя кууп, көбүнесе аракет-кыймылга басым жасаган, окуганга жеңил, китеп күйөрмандын мээсин чарчатпаган бош убакта колго алчу эрмек китеп болот. Элита адабиятынын жөн-жайы бираз өзгөчөлүү. Анда адам дүйнөсүнүн тереңдеги сырлары, пенделик турмуштун татаал карама-каршылыктары көркөм иликтөөгө алынат, окурмандан интеллектуалдык даярдык камылганы талап кылат.

Орустун таанымал адабиятчысы Дмитрий Лихачевдун Жеймс Жойстун айтылуу «Улис» романын саналуу гана кишилер окубаса, көпчүлүк эл бу китепти колго албастыгын ачык эле жазган. Антишке чыгарманын көнүмүштөн тыштыгы, адам аң сезиминдеги ички кыймылды дал өзүндөй беришке берилип алган автордун окуянын өнүгүшүн баам сыртында калтыргандыгы себеп болгон.

Бул эми дүйнөлүк адабияттын мисалы деп коелу. Кыргыз адабиятынын кыртышынан жаралган Кубатбек Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» романы деле китепкөйлөрдүн колунан түшпөгөн чыгарма боло албады. Роман кыйла жыл катылып жатып жарыялангандан кийин жадесе адабият сынчыларынын кенен-чонон сынына деле түшпөдү.

Коммунисттик идеологияны чочулаткан чыгарма көптүн арасында, көчтүн карасында өтүп баратыр. Адабияттын өтүмдүү жанрларында жаралган чыгармалардын көбү басманын боегу кургай электе таланып кетип жатат деп айтыш да кыйын. Мунун себебин Салижан Жигитов улут окурмандарынын аздыгы менен түшүндүрөт:

- Ал эми адабияттын өнүгүшү элдин көбөйүшүнө, жазма тилинин жаралышына жараша болот. Анан да ошол элдин китеп сатып алганга мүдөөсү, китеп окуганга кызыгуусу болсо ошондо адабият өнүгүшү мүмкүн.

Адабиятчы Искендер Жумабаев ушу тапта орус адабиятында кызыктуу, шаанилүү окуяларды шөкөттөгөн чыгармалардын күнү тууп, китеп сатып байыгандардын талабын канааттандырыш амалында айрым жазуучулар классикага айланып кеткен чыгармаларды улантып жазып жатышканын айтты:

- Анан дагы бир кызыктуу кубулуш ал жакта болуп жатыптыр. Мисалы үчүн, өтө чоң жазуучулар бар го, Толстой, Достоевский деген жана башкалар. Ошолордун көп окурмандарга таанымал белгилүү чыгармалары бар. Орус адабиятындагы кызык кубулуш – ошол чыгармаларды кээ бирөөлөр улап жазып жатышыптыр. Федор Михайлов деген жазуучу Достоевскийдин «Идиот» (кыргызча «Кейбир» деп которулган) деген чыгармасын улантып князь Мышкиндин кийинки тагдыры жөнүндө кадимки чыгарма жазат экен. Аны деле сатып алган кишилер болот экен.

Салижан Жигитов колунда акчасы бар байлардын жазуучу болуп кетишине абыдан жакшы шарт түзүлдү деген пикирде.

- Бир бай болсо, беш баласы болсо, үчөө бизнеске кетсе, бирөө чолокпу же бир денесинде майыбы бар немеби же болбосо ал бир идеалист – апендиби, ошол адабиятка кызыгып калса дейли, аны бир туугандары багып турса, ошондон бир жазуучу чыгып кетиши мүмкүн.

Айтса, көргөн-бакканы жазуучулук менен шугулданган калемгерлердин катарында оозеки чыгармачылыктын отун өчүрбөй келаткан төкмө акындык да кийинки кездери кыйла жанданып баратат. Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү китеп болуп чыгарылууда. Көркөм салты өнүккөн адабияттарда оозеки менен жазма адабияттын орду так аныкталып калганы менен Кыргызстанда ал дагыле эриш-аркак жашоодо.
XS
SM
MD
LG