Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

АКШнын элчиси келет


БИШКЕК. 3-августа Кыргызстанга АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча агенттигиндеги элчиси Тони Холл келет. Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты. Америкалык элчи Бишкекте өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин депутаттары жана диний уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Тони Холл дүйнө жүзүндө ачкачылыкка каршы күрөшүп, ал эми КМШ айдыңында адам укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл буруп келатат. Ошондуктан анын сапары кыргыз-америка мамилесин активдештирүүгө салым кошот, деп белгиленген Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG