Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Ошто чек араны кайтаруу күчөтүлдү


ОШ. Коңшу өлкөнүн ордо калаасында болуп өткөн окуяларга байланыштуу чек ара кызматынын, ички иштер жана улуттук коопсуздук башкармалыктардын өздүк курамдары күчөтүлгөн кызмат өтөө абалына өтүштү. Ош чек ара отрядынын орун басары Зыят Бекматов бүгүнкү күндө мамлекеттик чек ара Өзбекстан тарабынан убактылуу жабылып, чек ара тилкелерин кайтаруу күчөтүлүп жаткандыгын билдирди.

Ал эми Ош шаарында өзгөчө кайтаруудагы объектерди, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар турган имараттарды көзөмөлгө алууну күчөтүү, эл көп топтолгон жайларда коопсуздук чараларын көрүү боюнча атайын иш чаралар башталууда. Мындай маалымат Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катысы Замир Сыдыковдон алынды.

XS
SM
MD
LG