Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

ЮНЕСКОнун эксперттер тобу Кытайда болду


Кытайдын маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, эксперттер тобу Улуу Жибек жолунун түндүк-батыштагы Ганзу провинциясы аркылуу өткөн бөлүгүнүн кайсыл жерлерин дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүүнү иликтөө максатында болду. Байыркы замандарда Азия менен Европанын ортосундагы соода үчүн кызмат кылган Улуу Жибек жолунун узундугу 7 миң чакырымды түзөт, анын 4 миң чакырымы Кытай аркылуу өтөт. Кытай Жибек жолунун өз аймагы аркылуу өткөн бөлүгүн дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүүнү ЮНЕСКОдон 1994-жылы эле суранган. Дүйнөлүк мурастардын ЮНЕСКО түзгөн тизмесинде 788 тарыхый жай бар. Кытай ал тизмеде Испания менен Италиядан кийин үчүнчү орунда турат.

XS
SM
MD
LG