Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

Иракта чет элдиктерди барымтада кармап турган согушкерлер өз талаптарын аткаруу үчүн берилген мөөнөттү узартты


Алар эгер талаптары аткарылбаса барымтадагы жети чет элдикти: үч индиялык, үч кениялык жана бир египеттик адамды өлтүрөөрүн эскертишүүдө. Индиянын расмий адамдарынын бүгүнкү маалыматына караганда, берилген мөөнөт дагы бир суткага узартылды жана барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүү уланууда. Жети айдоочу мындан он күнчө мурун барымтага алынган. Аларды кармап турган согушкерлер айдоочуларга иш берген кувейттик компания Ирактагы жумушун токтотуусун, ошондой эле Фаллужа шаарындагы уруштарда жана аба соккусунан жабыр тарткандар үчүн акчалай компенсация төлөнүүсүн талап кылууда.

XS
SM
MD
LG