Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

УЛУТТАР УЮМУ СУДАН БИЙЛИГИНЕ УЛТИМАТУМ КОЙДУ


Чолпон Орозобекова, Прага Судан бийлиги Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин ага ультиматум койгон резолюциясын четке какты. Ырасмий Хартум Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши койгон шарттарды 30 күн ичинде аткарышы керек. Эгерде Дарфур чөлкөмүндөгү африкалыктарга зордук-зомбулук көрсөтүп, өлтүрүп аткан араб согушчандарын куралсыздандырбаган күндө Суданга эл аралык чектөөлөр койулат.

Жума күнкү добуш берүүдө Америка кошмо штаттары демилге кылган бул чечимди Улуу Британия, Франция, Германия, Испания жана Чили колдоп чыкты. Ал эми Кытай менен Пакистан бул окуядан өзүн обочо кармады. Отуз күн ичинде Судан бийлиги Дарфурдагы кыдаалды өзгөрткөнгө аракет кылбаса экономикалык айыптар менен коштолгон эл аралык чектөөлөр салынат.

Улуттар уюмундагы АКШнын элчиси Жон Дэнфорттун пикиринде, бул резолюция Судан өкмөтүн жазалоо үчүн эмес, Дарфурдагы зомбулукту токтотуш үчүн кабыл алынып отурат.

Дарфур чөлкөмүндө бери дегенде 30 миң адам өлтүрүлүп, соңку 17 ай ичинде эле 1 миллионго жакын адам үйүн таштай качты дешет байкоочулар.

-Санкцияларга негиз бере турган кадам- биздин соңку аргабыз болду. Судан өкмөтү бизге башка айла калтырган эмес. Тынч жаткан элге куралдуу кол салуулар уланууда. Анын артында гуманитардык терең кризис болуп жатат. Дарфурдагы элди сактап калыш зарыл чечимди кабыл алдык деп ойлойм,- дейт Американын Улуттар уюмундагы элчиси.

Улуу Британиянын Улуттар уюмундагы элчиси Эмир Жонс Парри бул резолюцияны дароо колдоого алды. Анын оюнда, өлкөнүн ички ишине кийлигишет деп Американы айыптап келген Судан бийлиги үчүн бул катуу эскертүү:
-Дарфур маселесин чечүүдө бул резоляция олуттуу кадам болоруна ишенем. Бул чечим мурдарак жасалган оң кадамдарга негизделгенине карабай, Судан өкмөтү Улуттар уюмунун башкы катчысына айтылган шарттарды аткарышы керек,- дейт Эмир Жонс Парри.

Аңгыча Судан өкмөтү Улуттар Уюмунун резоляциясын четке какты. Судандын маалымат министри Ал- Захави Ибрагим Малик коопсуздук кеңешинин колунда жетиштүү маалымат жоктугун билдирди. Судандын Тышкы иштер министри Мустафа Исмаил хартумдук “Акбар ал- Йум” гезитине берген маегинде башында резолюцияда “геноцид”, “этникалык белгилер боюнча тазалоо” деген өңдүү ашыкча сөздөр болгонун, судан дипломаттары ал сөздөрдү резоляциянын текстинен алып салууну көздөшкөнүн айтты.

Ал эми араб лигасынын жетекчиси Амир Мусса коопсуздук кеңештин резоляциясын сынга алып, эч бир жакшылыкка алып келбестигин билдирди.

Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши менен катар Ганада чогулган африкалык мамлекеттер да Дарфурдагы кырдаалды талкуулашты. Нигериянын президенти Олусегун Обасанжо бул кризистен чыгуунун африкалыктарга пайдалуу жолун тандоого чакырды. Анын пикиринде, африкалык өлкөлөр мурда 300 аскер жөнөтүүнү убада кылган болсо, эми Дарфурга андан да көп бейпилдик күчтөрдү жибериши керек.

Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешине мүчө үч африкалык мамлекет- Алжир, Ангола жана Бенин резолюцияны бир ооздон колдоп чыгышты. Ал эми Судандын Улуттар Уюмундагы өкүлү Элатих Ахмед Эрванын айтымында, африкалык мамлекеттер бул кризисти чечүүдө көрүнүктүү орунду ээлегендери оң. Анын оюнча, согушчандарды куралсыздандыруу оңойго турбайт, тараптар ортосунда элдешүү ниети болбосо, курал таштатыш кыйын.

Франциянын Улуттар уюмундагы элчиси Жейн Марк ле Саблиэре бул чечимдин эки жагын көрсөтөт:

- Бул саясаттын эки жагы бар. Биринчиси - Судан өкмөтүнө басым жасаш керек, ошол эле учурда бул өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкан оң. Андыктан,биз ушул эки маселени чечүү жолундабыз, - дейт Франциянын өкүлү.

Дарфурдагы африкалык уруулар өз автономиясына ээ болууну каалашат. Алар 2003- жылы февраль айында көтөрүлүшкө чыккандан кийин бул чөлкөмдө кан төгүүлөр жана зордук- зомбулуктар башталган.

Судан өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү басууда “Жанжавид” деп аталган араб куралчандардын жардамын да пайдаланууда. Айрым маалыматтарга караганда, араб куралчандарынын колунан бул чөлкөмдө 30 миң адам набыт болуп, 1 миллионго чукул африкалык үйүн таштап качып чыкты. Көтөрүлүшчүлөрдү тынчытуу үчүн жасалган рейддер учурунда 10го жакын африкалык кыштак өрттөлгөнү дайын болду.

Учурда Дарфурда 2,2 миллион адам тамак- ашка жана медициналык жардамга муктаж.
XS
SM
MD
LG