Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

ДАГЕСТАН МИЛИЦИЯСЫ ЖООЧУЛАРДАН ЖАКЫНДАГЫ ЖАРДЫРУУ ҮЧҮН ӨЧ АЛДЫ


Төрөкул Дооров, Москва Бейшемби күнү Чеченстанда ушул жылдын 29-августуна белгиленген президенттик шайлоого карата өнөктүк башталды. Республиканын шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, азырынча эч кандай катачылыктар байкала элек. Ошол эле учурда Чеченстанга коңшулаш Дагенстан республикасында жикчилер менен жергиликтүү милиция ортосунда аткылашуу болуп, бир канча адамдар каза болушкан.

Жума күнү Дагестандын Кизляр шаарчасында жикчилер менен жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлери ортосунда болгон аткылашуудан төрт милиционер көз жумду жана экөөсү жаракат алды. Ал эми жоочулардын үчөөсү өлтүрүлгөн.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасын Ички иштер министрлигинде жикчилер республикага Чеченстандан келишкен жана Дагестанда террористтик акцияларды өткөрүүгө камынып жүрүшкөн деп ойлошот.

Ошол эле учурда Чеченстандын өзүндө ушул жылдын 29-августунда өтүүчү президенттик шайлоого карата даярдык толук жүрүп жатат. Жергиликтүү шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул Керим-Арсахановдун айтымында, шайлоого карата даярдык дээрлик бүтүп эле калды:

- Биз шайлоо өнөктүктүн жүрүшүнө көзөмөл салуучу атайын комиссияны түздүк. Баардык үгүттөө материалдары шайлоо комиссиясы менен макулдашылып, алардын каерден жасалгандыгы, ким тарабынан жазылгандыгы жана кайсыл көлөмдө каражат сарпталгандыгы тууралуу толук маалымат берилип турушу лаазым. Негизи, биз талапкерлерди алар ыктымал кетирүүчү тартип бузуулардын деңгээлине жараша административдик жана башка жазалар менен жазалай алабыз. Менимче, бул жолку шайлоо өнөктүгү туура өтөт.

Белгилүү болгондой, ушул жуманын бейшембисинде республикада шайлоого карата өнөктүк ырасмий түрдө башталды жана президенттикке ат салышып жаткандардын саны азыр 7 адамды түзөт. Булар: Чеченстандын Ички иштер министри Алу Алханов менен Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чеченстандагы бөлүмүнүн кызматкери Мовсур Хамидов, чечен президентинин кеңешчиси Ваха Висаев жана республиканын мамлекеттик кеңешинин өкүлү Мухумд-Хасан Асаков, андан ары «Недр» ишканасынын директору Магомед Айдамиров жана «Грознефтехим» бирикмесинин жетекчиси Умар Абуев, ошондой эле гуманитардык академиянын чечен жериндеги бөлүмүнүн директору Абдулла Бугаев.

«Ысымдары аталган талапкерлер ортосунда биринчи теледебаттар жергиликтүү телеканалдар аркылуу өткөрүлө баштады», - деп билдирет республикалык телерадиокомпаниянын өкүлү Белла Дудаева:

- 7 талапкерге күнүнө жарым сааттык акысыз эфирдик убакыт, ошондой эле 1 сааттык убакыт бөлүнөт, бирок акыркысы үчүн төлөө зарыл. Мындан сырткары, жумасына бир канча ирет теледебаттар да өткөрүлүп турат.

Байкоочулардын баамында, Чеченстанда өтүүчү бул жолку президенттик шайлоого көрсөтүлүшкөн талапкерлердин ичинде азырынча жалгыз гана Алхановдун ишенимдүү аракеттери тууралуу айтканга болот. Бул да, незининен, Алхановко ушул тапта күчтүү атаандаштыкты түзө ала турган башка адамдардын тизмекте жоктугу менен түшүндүрүлөт деп эсептешет алар. Ушул аптада маалым болгондой, Алхановдун талапкердигин чечендердин Москвадагы диаспорасы да колдоду.

XS
SM
MD
LG