Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАҢЫ ПАСПОРТ КИРГИЗИЛҮҮДӨ


1-августтан тарта Кыргызстандын атуулдарына жаңы үлгүдөгү паспорт бериле баштайт. Паспортту даярдаган Информациялык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттик анын сапаты мыкты экендигин билдирип, паспорт берүү иши жеңилдээрин жарыя кылды. Бирок, аны алмаштыруу процесси жана коңшу мамлекеттерге каттоо маселеси атуулдардын көп суроолорун пайда кылууда.

Кыргыз атуулдарына бериле турган жаңы үлгүдөгү паспорт төрт түрдө. Анын бири бардык атуулдарга сөзсүз түрдө 10 жылга бериле турган идентификациялык карта. Кичинекей бир барактан турган картага атуулдун сүрөтү чапталып, аты-жөнү, туулган жылы, жери, катталган жери жана турган дареги, үй-бүлөлүк абалы жазылат. Андан тышкары бир гана адамга бериле турган иреттик номер жазылып, ал бардык атуулдар жөнүндөгү маалымат топтолгон борбордо сакталат. Азыр мындай паспорттун 2 жарым миллион нускасы даяр.

Көк түстөгү экинчи паспорт чет өлкөгө чыгууну каалаган атуулдарга 5 жылдык мөөнөткө берилет. Кочкул көк түстөгү үчүнчү паспорт –кызматтык паспорт деп аталат. Ал кызматы боюнча чет өлкөлөргө чыгып, иш командировкасында болуучу мамлекеттик кызматкерлерге берилет. Ал 10 миң гана нускада. Жашыл түстөгү төртүнчү паспорт дипломатиялык деп аталат жана аны мамлекеттик жогорку кызмат орун ээлеген атуулдар алышат. Азырынча мунун да нускасы 10 миң.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Информациялык технологиялар жана ресурстар агенттигинин жетекчиси Юрий Лысогоровдун билдирүүсү боюнча, жаңы үлгүдөгү паспорт 1995-жылдан тарта берилген паспорттун калбай калгандыгынан жана аны жасалма жол менен оңдоп алууга өтө эле жеңилдигинен улам мыктылап жасалды. Бирок, жаңы паспортту алам деген адам канча сом төлөөрү азырынча белгисиз.Ал тууралуу Юрий Лысогоров:

-Тилекке каршы, мен азыр паспорттордун баасы канча болорун так айта албайм. Себеп дегенде, анын долбоорун азыр өкмөт карап жатат жана Каржы министрлиги менен монополияга каршы күрөшүү департаментинин текшерүүсүнөн өткөрүлүп жатат .

Юрий Лысогоровдун айтымында, паспорт даярдоочу Информациялык технологиялар жана ресурстар агенттигин акыркы муундагы компьютердик жабдуулар жана байланыш каражаттары менен камсыздоо үчүн 10 миллион доллардан кем эмес каражат зарыл. Ушундан улам паспорттун баасы өздүк наркынан алда канча жогору болушу ажеп эмес.

Азыр өкмөттө паспорт берүү укугун Ички иштер министрлигинен алып, Информациялык технологиялар агенттигине берүү маселеси талкууланып жатат. Юрий Лысогоровдун айтымында, паспорт берүү ишин тартип коргоо органынан алуу мезгили бышып жетти:

- Жарандык коом жарандардын ишин кылган мамлекеттик органдар менен гана мамиле түзүшү зарыл. Ал жерде аскерий кызматкердин эмне кереги бар?

Ал эми Ички иштер министрлигинин жетекчилиги паспорт берүүчү 72 жана автомобилге ээлик кылуу укугун каттоочу 48 мекеме агенттиктин карамагына өтүп кетсе, тартип коргоо аракети аксап калат деп кабатыр. Ал тууралуу Ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев мындай дейт:

- Өткөрүп эле берели деп жатабыз,бирок, милициянын гана кызматкери жасай турган айрым милдеттер калып жатат. Мисалы, мамлекеттик каражатты мыйзамсыз чыгымдаган адамды издөө,чет өлкөдөн келген адамдардын каттоосун тактоо керек. Паспорттук режим деген бар. Анын талабы боюнча өлкөгө ким келип, ким кетип, кайсы үйдө жашап жаткандыгын тактап туруу зарыл. Мына ушул милдеттердин баарын жасоого кызматкер керек. Ошон үчүн биз премьер-министрге кат жазып, анда паспорт столу кете берсин, бирок, 249 кызматкерди бизге эле калтыргыла да Информациялык агенттик менен бирге иштей берели деп өтүндүк.

Ал эми жаңы паспорт алган кыргыз жарандары алгач бир топ тоскоолдуктарга кабылчудай. Анын бири чет өлкөгө чыгуу үчүн виза алуу жана коңшу мамлекеттерге кирип-чыгуу. Ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиевдин айтымында, буга чейин жеке картаны пайдаланууга киргизген Казакстандын карточкаларын Кыргызстан таанып, казак атуулдарынын аны менен өлкөдө жүрүүсүнө уруксаат берилген. Азыр атайын макулдашуу болбосо кыргыз жарандарынын жеке карточкасын Өзбекстан тааныбай, чектеш аймактардагы кыргыз атуулдарынын кабатыр болушу толук мүмкүн:

-Ошон үчүн биздин мамлекет менен Өзбекстандын ортосунда атайын макулдашуу түзүү зарыл. Болгондо да тезинен түзүп, бизде ушундай паспорт пайдаланууга киргизилди, эки элдин ортосунда тоскоолдук болбосун,биздин атуулдар эки жакка ушундай карточка менен каттайт деп, өкмөт чечиш керек.
XS
SM
MD
LG