Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНДАГЫ ОЮН-ЗООКТОР


Адамзат коомунда рухий дөөлөттөр, анын ичинде оюн-зоок сыяктуу көңүл ачуу шарапаты маанилүү роль ойнойт. Мамлекет куруп, чарба күткөн кыргыз эли абалтадан таң-тамаша куруп, жашоо дооранынын көркүн чыгарууну көздөшкөн.

Адамзат коомунда рухий дөөлөттөр, анын арасында асыресе, оюн-зоок сыяктуу көңүл ачуу шарапаты маанилүү роль ойнойт. Адам жалаң өндүрүш, же эмгек менен эле алектенбестен, маңдай тер төккөн ишинин үзүрүн көрүп, натыйжасына кубанышы табигый көрүнүш. Ошондуктан орто кылымдагы кыргыз элинин оюн-зоок шарапаттары ириде, алардын коомдук өнүгүү деңгээли менен чарбалык ишкердик бутасынан өлчөнүүсү керек.

ХI кылымдын автору Гардизинин "Зайн ал-ахбар" чыгармасында "кыргыздар арасында фагинун аталган адамдар бар. Ар жылы алар мерчемдүү бир күнү бардык музыканттарды жыйып шаттуу майрам белгилөөгө чогулушат. Музыканттар ойноп баштаганда фагинун эсинен танып, эл андан ушул жылы болчу таңсыктык, молчулук, жамгыр жана кургакчылык коркунуч менен коопсуздук, душмандардын чапкыны турасында сурай башташат. Ал айткандардын көбү чындап эле аткарылат", - деп айтылат тарыхый жазма булакта.

Гардизи жазган жылдын мерчемдүү мезгили деген маалыматы кыргыздардын чарба өнүгү менен ага байланышкан рухий түшүнүктөрүнөн таасын кабар берет. Жазма булакта айтылган бу жыл мерчеми кыязы, жаңы жыл майрамы болсо керек. "Жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыккан" жаз айында жамы журт Теңирден ырайым тилеп, ыроолоп майрам өткөрүшкөн. Ырчы-чоорчулар чогулушуп, музыка ойноп, көңүл эргигенде дыйкандар сөкө бузган жердин жытын эңсеп, эр азаматтар көк шибери булаган жайлоону самап жаңы жыл жакшылык ыроолосун деп, изги ниеттен таң-тамаша курушкан.

Кытай жазма булактарына караганда чоорлор ойнолуп, доолбас кагылып, төөлөр жана үйрөтүлгөн арстандар калктын көңүлүн ачкан. Чебер дарчылар майрамды шаңга бөлөп, эр жигиттер ат үстүндө чавандестик ыкмаларды көрсөтүшкөн. Кыргыз каганы дандан тартылган шарап ичип, карапайым калк болсо сүттөн тартылган ичимдикке карынын казыткан.

Демек, мамлекет куруп, чарба күткөн кыргыз эли абалтадан эле таң-тамаша куруп, жашоо дооранынын көркүн чыгарууну көздөшкөн.
XS
SM
MD
LG