Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

КЫТАЙЛЫК ИШКАНАНЫН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЧЫР-ЧАТАК


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Чет элдик ишканаларда иштеген кыргыз жумушчуларынын укугу эске алынбаганын байма-бай угуууга болот. Жалалабадда Кытай инвестициясынын эсебинен былтыр курулган “Жандос” ишканасы алмадан шире кайнатат. Анын бир топ жумушчулары укугун коргоо өтүнүчү менен областтык ички иштер башкармалыгына кайрылышкан. Алардын билдиришинче маяна эки эсе азайып, дем алууга, түштөнүүгө убакыт жана жай берилбей, арыздангандар иштен айдалат. Сөзүн эч ким укпайт. Жумушчулардын дооматын төгүндөгөн ишкана башчынын пикири боюнча “Жандос” Кыргызстанга кыйла пайда келтирүүдө.

Жылына 20 миң тонна алманы иштетүүчү “Жандос” заводуна кытайлык “Тунхе” фирмасы 8 миллион доллар инвестиция жумшаган. 200дөй кыргыз жараны эки нөөмөттө иштеген жерде адам укугу сакталбасын 22 жумушчу областтык ички иштер башкармалыгына билдирген. Алардын жазышынча ишканада талап катуу, шарт начар. Түштөнүүгө убакыт жана жай берилбейт. Түрдүү шылтоолор менен маяналары кыркылат. Завод ачылганда ишке кирген кыздардын быйыл отуз пайызы калды:

-Сыз жерде иштейбиз. Уу-химикаттарды көп кошуп атышат. Арыз жазып, бир күнү жумуштан калсак, үч күндүк акыбызды кыркышат. Түштөнүү үчүн ашканага барсак, кууп чыгышты. Кийим чечүүчү жерде, жерге олтуруп, тамактанабыз. Айтсак, шарт түзүп беришпеди. Тамеки тартканга, бир алма жегенге да айып төлөтөт. Штраф дегени аябай көп. Айлык толук тийбейт. Тартиби түшүндүрүлбөгөн келишимге атым менен фамилиямды гана жазып чыккам - деди жумуштан айдалса да, акысын алалбай жүргөн Радима Аманова.

Оператор Нурболот Алтынбековдун айтымында 12 саат жумуш болсо да, дем алуу күнү жок. "Көбөйөт" деген эмгек акы эки эсе азайды. Коллективдүү келишим түзүлгөн эмес:

- 12 саат жумуш, дем алуу жок. Арызданган технологдорду жумуштан айдап атат. Бизди эч ким укпайт. Түштөнүүгө убакыт бөлүнбөйт. Айлык азаюуда. Былтыр 2600 сомдон төлөп берген. Быйылкыга эки эсе көбөйтөбүз дегени менен эки эсе азайды. Канча жумушчу ооруп, ооруканада жатат - деди Нурболот Алтынбеков.

Заводдун башкы деректири Вань Синь Вейдин маалыматы боюнча орточо маяна 1500 сом. Сегиз сааттан ашык убакыт менен жол кире жана тамактанууга кошумча төлөнөт:

- Ашкана үчүн эки боз үй тигилүүдө. Эмгек акы ишкананын өндүрүмдүүлүгүнө жараша болот. Маяна орточо айлыктан жогору. Ар бир эле киши көп алгысы келет. Адистешпеген жумушчуларга 1800 сом төлөнөт. Мамлекеттик мекемедегилер канча алаарын билесиз. Жакшы иштегендерге айлыгына кошулат. Бирок текшерүүчүлөр ишке тоскоолдук кылууда. Токойдо чирип калаар алманы 1 сом 40 тыйындан сатып алып, канча адамга жумуш бердик. Өндүрүмдүүлүк жылына көбөйтүлүп, 5-6 жылда жалаң жергиликтүү адистер иштеп калаарына ишенем, - дейт башкы деректир Вань Синь Вей.
XS
SM
MD
LG