Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

МАРКУМ АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АГАНЫ ЭСКЕРИП...


Кыргызстан өзүнүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлеринин биринен айрылды. Кечээ, ишемби күнү Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал жүрөгүнөн кармап калганы кабардалды. Маркум өлкөнү совет доорунун соңку учурунда – 1985-жылдан тартып 1990-жылдын октябр айынын соңуна чейин башкарган. 1995-жылы президенттикке талапкердигин койгон.

Маркум Абсамат Масалиев (1933-2004) эгемен Кыргызстандын жогорку сыйлыктарына татыган азганактай аксакалдардын бири болчу. Бул сыйлыктарга карабастан, ал өзү жетектеген оппозициячыл партиянын Кыргызстан коммунисттер партиясынын идеалдарынан баш тартпагандыгы, удулу келген чакта азыркы бийлик ээлерин сынга алууну токтотпогондугу менен маалым.

Соңку маек

Абсамат Масалиевден эң соңку ирет интервью алган маалымат булактарынын бири – «Азаттык» үналгысы болуп калды. 29-июлда, өткөн бейшемби күнү эле, ал кабарчыбыз Бекташ Шамшиев менен маек куруп, Кыргыз өкмөтүнүн быйылкы жарым жылдагы экономикалык өсүштөр жана ийгиликтер тууралуу маалыматын так эмес деп сынга алган:

- Көмүр өнөр жайын алсак, жылына 4 млн тонна көмүр казып, биз Казакстан, Өзбекстан тарапка сатчубуз. Булардын баары токтоп турат, жылына 250-300 миң тонна көмүр гана казылып жатат. Ошондуктан азыр экономика катуу өсүп атат деген (билдирүү) туура эмес.


Замандаштардын эскерүүсүндө

Замандаштары аны чынчыл, ак жүрөк зат, паракордук, жемкордук сыяктуу одоно көрүнүштөрдөн өзүн пакиза туткан инсан катары да билишет.

Эсимде, 1995-жылы ал президенттикке талапкер катары чыккан чакта аны менен «Азаттык» үчүн маек курдум. Маектен соң, 1990-жылдын октябр айындагы окуяларга кайра кылчаюуга да мүмкүн болду. Мен ал кезде Жогорку Кеңештин төрагасы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчиси, консерватор саясатчы Абсамат Масалиевдин кызматтан кетишин талап кылган саясий өнөктүккө, саясий ачкачылыкка да катышкан элем. Алардын баарын Абсамат ага дурус билээр эле.

Ал мыйыгынан күлүп: «Эгерде мен ыйманды, чынчыл болуу керектигин ойлобосом, ошол октябр күндөрү бир эле министрлик кызматты бир нече кишиге сунуш кылып, далай аткаминерди алдап бийлигимди сактап калмакмын. Андай иштерге мен эч качан барбас элем», - деп айтканы эсимде.

Былтыр августта кыргыздардын дүйнөлүк курултайы маалында да ага жолугуп калдым. «Азаттыктан» биз тууралуу аз берип калдыңар го» деп күлүп айткан сөзүнө: «Август айында оппозиция да эс алууга таркап кетет турбайбы» деп азил менен жооп узатсам, маашырлана күлгөн болчу.

Бир кезде бийликтеги Абсамат Масалиевге каршы чыгып, анын саясий оппоненти болгон, азыркы тапта - президент Аскар Акаевдин бийлигинин ырааттуу сынчыларынын бири, «Эркиндик» партиясынын жетекчиси, КДКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Топчубек Тургуналы маркум саясатчы тууралуу мындай дейт:

- Апсамат аке жөнүндө эң оболу менин айтаарым – бул киши эски заманда дагы, жаңы заманда дагы элдин кызыкчылыгы үчүн жан дилин берип, күйүп-бышкан адам эле. Бул киши эл үчүн деп жанын сабап жүрүп (дүйнөдөн) өтүп кетти.

Өмүр жолу

Абсамат Масалиев 1933-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. Чыгыш Фергананын ысык-суугун көрүп, мээнеткеч тарбияланган Абсамат 1953-жылы Кызылкыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң – Маскөөдөгү Тоо-кен институтун бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн.

1985-жылдан тартып Кыргызстан Компартиясын жетектеген Масалиев мырза тээ 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, бөөдө атылып кеткен нечендеген мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн салым кошкон. 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили жалгыз мамлекеттик тил болуп жарыяланды. 1989-90-жылдары өлкөдө «Ашар», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» («КДК») сыяктуу демократиялык уюмдар пайда болду. Жаш кыргыз демократтарын камап, куугунтуктабастан, Масалиев 1990-жылдын февралынан тартып алар менен ачык баарлашууга барган борбордук азиялык бирден-бир жетекчи болду. Жергиликтүү демократтар 1990-жылы 1-майдагы расмий парад маалында коммунисттерге каяша кылып, көк асаба көтөрүп, Алатоо аянтынан өз алдынча сап менен өттү. Масалиев мырза ага да көнүп берди.

Абсамат Масалиевди жана анын мурдагы жөкөрлөрүн алардын каршылаштары «1990-жылдын июнунда жанган бир тууган кыргыз-өзбек калктарынын өкүлдөрүнүн кандуу кагылышуусунун алдын алуу керек эле» деп эмгиче айыптап келишет. Бирок Масалиев өзү бул Ош калайманын басуу, коопсуз кырдаалды калыбына келтирүү үчүн бар аргасын жасагандыгы да маалым.

Ленин эстелиги

Соңку учурлар да маркум саясатчы үчүн олуттуу сыноолорго жык толду. Бир чети, кыргыз бийлиги анын өзүнө урмат-сый көрсөттү. Ага мурдагы мамлекет башчысы катары өмүрүнүн акырына чейин урмат көрсөтүү, тийешелүү шарт түзүү тууралуу атайын мыйзам да кабыл алынды.

Экинчи чети, ал жетектеген партия азыркы саясий өзгөрүүлөргө канааттанган жок. Ошондой окуялардын бири – былтыр Владимир Лениндин эстелигинин Алатоо аянтындагы бийик орундан алынып салынып, тарых музейинин тескей жагына көчүрүлүшү болду. «Бул окуя мыйзам бузуу менен болуп жатат» деп Масалиев мырза ошондо өкмөттү мындайча сынга алган:

- Эгер (Лениндин эстелиги тууралуу) мыйзамды өзгөртөбүз десек, анда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына кайрылуу жасаш керек. Анда биз мыйзамды өзгөрткөнгө макулдук берсек, мына ошондо гана ошол закон (мыйзам) өзгөртүлүшү керек. Ага чейин Лениндин эстелигине бирөөнүн да тийгенге акысы жок.

Маркумдун эскерткенине карабастан, бул эстелик борбордук аянттан алынып салынган. Былтыр 7-ноябрда Лениндин эстелиги жаңы жеринде – Мамлекеттик тарых музейинин түндүгүндөгү чакан аянтчада салтанаттуу түрдө кайра ачылган.

Акыркы ызаат

Маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн Бишкекте атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү. Анын сөөгүн акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү расмий деңгээлде өткөрүлөөрү тууралуу президенттик акимияттын башчысынын орун басары Болот Жанузаков жекшембиде «Азаттыкка» мындай деди:

- Мындай улуу инсаныбызды ардактап, барктап акыркы сапарга узатуу үчүн мамлекеттик чаралар көрүлө баштады.

3-августта маркум Абсамат Масалиев менен коштошуу ырасымы Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратында өткөрүлөт, андан соң маркумдун сөөгү түбөлүк жайына коюлмакчы.
XS
SM
MD
LG