Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

СУУ МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?


БУУнун өнүгүү программасынын жана Азия өнүгүү банкынын жардамы менен Кыргызстанда суу көйгөйүн чечүүгө аракет жасалып жатканына карабастан, түштүк аймагында ичүүчү жана сугат суунун таңсыктыгы бүгүнкү күнгө чейин маанилүү маселелердин бири болуп калууда. Оштун Араван районунун Акшар айлынын жашоочулары сугат суунун тартыштыгынан эгиндери болбой калгандыгын, ичүүчү таза суу жоктугунан адамдар ар кандай жугуштуу ооруларга тушугуп жатышкандыгын айтып, даттанып келишет.

Араван районунун Акшар айылында сууну көп талап кыла турган пахта, буудай, дарбыз жана башка өсүмдүктөр эгилет. Бирок айыл суу жагынан коңшулаш Өзбекстанга көз каранды болгондуктан, жыл сайын сугат маалында эки элдин ортосунда суу үчүн чыр-чатактар болуп турат.

Кыргызстандын жери аркылуу өткөн Керкидан каналы Аравандык дыйкандар тарабынан казылгандыктан, эл анын суусунан пайдаланууга биздин да укугубуз бар деп эсептешет. Ушул себептен Өзбекстан тарап Акшар айлына убагынан кечиктирбей суу берип турууга милдеттенген. Бирок жыл сайын күн күйүп турган мезгилде суу Өзбекстандык дыйкандардан ашпай калып жаткан. Акшарлыктар өздөрү тамашалап «кетмен согушу» деп атап коюшкан чоң чатак 2002-жылы болгон. Айылдын жашоочусу Төрө Осмоновдун эскерүүсү боюнча ошондо 300гө жакын Аравандык дыйкандар кетмендерин көтөрүп алышып, Өзбекстанга барышкан:

- Өзбекстандын Керкидан көлүнө суу куйган Керкидан каналы Кыргызстан аркылуу өтөт. Бизге Өзбекстан тарап такыр суу бербей кыйнаганынан суу бербесе каналды жаап таштайбыз деп кермендерибизди алып барганбыз. Анан ал жерде эки тарап болуп сүйлөшкөнбүз. Алар бизге суу берип турууга убада беришкен. Андан бери аз-аздан беришет, бирок бирде болсо, бирде жок үзгүлтүккө учурап келет. Жыл сайын июль-август айларында сугат суу жок, эгиндерибиз күйүп кетет.

Төрө Осмонов аксакалдын сөзүн «Араван» коомдук уюмунун төрагасы Искендер Нарматов да кубаттады:

- Өзбекстан тарап эң биринчи өзүнүн айдоо аянттарын сугарып бүтмөйүнчө бизге суу бербейт. Ошол себептен каналда суу аз болот же жок болот. Анткени Керкидан каналы Өзбекстандын Керкидан көлүн толтуруу үчүн кызмат кылат.

Ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгынан элдин арасында ар кандай чыр-чатактар бат-бат болуп турат. Бул тууралуу «Араван» коомдук уюмунун төрагасы Искендер Нарматов айтты:

- Суу талашуудан жашоочулар бири-бири менен, электриктер менен чатакташып кетишет. Анткени ичүүчү суу чыгуучу скважинага энергия көп кеткендиктен электриктер өчүрүп коюуга мажбур болушат. Ошондой эле эл менен жергиликтүү бийликтин ортосунда да чыр-чатактар болуп турат.

Дыйкандар сугат суунун тартыштыгынан эккен эгиндери жакшы түшүм бербей, убагынан кечигип жаткандыгын айтып даттанышат. Айылдын дагы бир тургуну Нажимидин Аскаровдун айтымында суунун азабынан пахта быйыл да кечигип жетилүүдө.

Акшарда ичүүчү суу да көп жылдардан бери чечилбей келе жатат. Союз мезгилинде курулган скважина жакшы иштебейт, андан чыккан сууну болгону 100-150 үй-бүлө гана иче алышат.

- Айылга ичүүчү суу чыгарып берүүчү скважина азыр күнүнө бир маал гана, кечкисин үч саат иштейт. Анткени анын иштөөсүнө көп энергия кетет экен да, электриктер өчүрүп коюшат. Эл суранып жатып, жок дегенде бир жолу иштетүүгө уруксат алдык. Бирок бул убакта суу алууга элдин көпчүлүгү үлгүрбөй калат. Анан арыктардан талааны сугарып келген майнап сууну ичебиз. Мындай суунун булганычтыгынан элде жугуштуу оорулар да көп.

Түштүк жергесинин суу көйгөйү айта берсе түгөнбөгөн түрмөк болчудай. Сугат суу боюнча Баткен, Ош жана Жалалабат облустарынын эли дагы деле коңшу Тажикстан менен Өзбекстанга көз каранды болуп, ал эми ичүүчү суу жоктугунан эмдигиче арыктардан, көлчүктөрдөн кир суу ичүүгө мажбур. Бул - улуттун эртеңи үчүн кедергисин тийгизбей койбостугу тууралуу адистер дайыма айтып келишет.

Азыркы учурда Кыргызстанда Азия өнүгүү банкы тарабынан калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор иштеп жатат. Аталган банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ашраф Малик мырзанын айтуусунда, таза суу боюнча долбоорго камтылган 840 айылдын 672си түштүк аймагында жайгашкан:

- Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу долбооруна Азия өнүгүү банкы 40 миллион доллар каражат бөлгөн. Бүгүнкү күндө 12 миллион долларлык иш бүттү. Бул аткарылуучу иштин 30-35% дегендик. Биз долбоорду ишке ашырууну алыскы райондордун айылдарынан баштаганбыз. Учурда түштүктөгү 672 айылдын 365инде долбоор иштеп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG