Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Гонконгдо алгачкы жолу Кытай армиясынын парады өткөрүлдү


Ага үч миңдей аскер кызматчысы катышып, 17 миңдей адам байкоо салып турду. Парад Кытайдын Армия күнүнүн урматына өткөрүлдү. Сентябрь айында Гонконгдо жергиликтүү парламентке шайлоо өтөт. Жергиликтүү оппозиция өкүлдөрүнүн пикиринде, бийлик парад өткөрүү менен шайлоо алдында калктын патриоттук маанайын көтөрүп, расмий Пекинге ыктаган талапкерлерди колдоо максатын көздөдү. Мурда Британиянын колониясы болгон Гонконг Кытайга 1997-жылы өткөрүлүп берилген эле.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG