Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Польшада нацисттик оккупацияга каршы козголоңдун 60 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүнкү салтанаттарга катышуу үчүн Варшавага немец канцлери Герхард Шрөдөр, АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл келди. Бул немец канцлеринин Польшага, мындай иш-чарага алгачкы ирээт келиши. Польшанын премьер- министри Марек Бельканын айтымында, немец лидеринин визити Польша менен Германия соңку он жылдыктарда эки өлкөнүн достук мамилесин калыбына келтирүү багытында оң кадамдарды жасап жатканын көргөзүүдө.1944-жылдын 1-августунда башталып, эки айга созулган уруштарда 200 миңдей поляк мерт болгон, Варшаванын тарыхый борбору дээрлик талкаланган.

XS
SM
MD
LG