Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Өзбек президенти Ташкендеги жардыруулар үчүн жоопкерчиликти "Хизб-ут-Тахрир" уюмуна жүктөдү


Крымдагы эс алуусун токтотуп, мекенине кайтып келген Ислам Каримов кечээ кечинде телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн учурунда калкты экстремисттерге каршы күрөшүүгө чакырды. Каримовдун айтымында, учурда жардыруулар үчүн жалгыз Өзбекстан ислам кыймылы уюму жоопкер деген туура эмес маалымат таратылууда:

- Бул кылмыштардан кийин массалык маалымат булактары тез эле ага Өзбекстан ислам кыймылы жоопкер деген кабарларды тарата баштады. Мындан улам буга "Хизб ут-Тахрирдин" эч тиешеси жок деген ой болушу мүмкүн. Айрым топтор мунун массалык маалымат каражаттары аркылуу жайылтууга аракеттенүүдө.

Ал эми "Хизб ут-Тахрирдин" Лондондогу өкүлдөрү уюмдун Ташкендиги соңку жардырууларга кандайдыр бир катышы бар экенин төгүндөөдө.

Жума күнү жанкечтилер АКШ менен Израилдин Ташкендиги элчиликтеринин жанында жана Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын имаратынын кире беришинде бири–бирине удаа жасаган жардыруулардан күзөттө турган үч адам каза тапкан, дагы бир нече киши жаракат алган эле.

Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматовдун билдиргеине караганда, шектүү адамдардын тобу кармалды. Бирок ал кармалгандардын санын айткан жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG