Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Нарын шаары жылуулукка, электр энергиясына, сууга 88 млн. сомдон ашык карыз


НАРЫН. Мындай маалыматты 2-август күнү болуп өткөн Нарын шаар башкармалыгынын президиумунда башкармалыктын кызматкери Марипа Алиева билдирди. Анын айтымында шаардык жылуулук берүү, электр тармактар жана суу канал ишканаларында кышка карата бир катар орчундуу иштер аткарылган. Бирок үстүбүздөгү жылдын биринчи июлуна карата жалпы дебитордук карыз электр энергиясына 66,7, жылуулукка 19 жана сууга 3 млн. сомду түзгөндүктөн, кыш мезгилине даярдыктар кечеңдөөдө. Социалдык коргоо бөлүмү акча каражаттын чечилбегендигинен муктаж адамдарды камсыздоого тийиш болгон 250 тонна көмүрдүн бир да тоннасын тартып келе элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG