Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Лейлектеги нөшөрдөн кийинки сел облус менен туташтырган жолду бузуп кетти


БАТКЕН. Жекшемби күнкү катуу нөшөрдөн улам Лейлек районундагы Тогузбулак жана Бешкент айыл өкмөт аймагында сел жүрдү. Натыйжада Ош-Исфана жолунун 299 чакырымындагы көпүрө бузулуп, Лейлек районун облус борбору менен байланыштырган жолдун ушул бөлүгүндө автоунаа кыймылы үзүлдү. Бул тууралуу облустук граждандык коргонуу штабынан 2-июлда маалымдашты. Учурда жол кыймылын кайра калыбына келтирүү чаралары көрүлүүдө. Мындан сырткары аталган эки айыл өкмөттүн аймагында 55 короо жайды, 20 чарбалык курулуштарды азыр суу каптап, ички жолдорду, арыктарды суу бузган. Бактыга жараша бул табият кырсыгы адам өмүрүнө зыян алып келген жок.

XS
SM
MD
LG