БИШКЕК. Кыргызстандагы өкмөттүк 73 структуранын ичинен Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат алууга ачык-айкын мамиле жасагандыгы менен айырмаланат. Мындай бүтүмдү «Трансперенси Интернешнл – коррупциясыз келечек» аттуу эл аралык уюм өз иликтөөсүнө таянып чыгарды. Иликтөөнү уюм «Кыргызстан-Сорос» фондусунун колдоосу менен жүргүздү. Министрликтин маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, министрликке көбүнчө жардам көрсөтүү, турак үйлөрүнүн абалын текшертүү, ссуда алуу суранычтары менен жарандар, жана өз шайлоочуларынын талаптары боюнча депутаттар кайрылышат.