Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Адам укуктарын сактоону кандайча жакшыртуу талкууланат


БИШКЕК. 4-августа Бишкекте «Фридом хауз» уюмунун демилгеси менен "тегерек стол" жыйыны өтөт. Анда өлкөдө адам укуктарынын сакталышын кандайча жакшыртуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу бүгүн «Фридом хауз» уюмунан кабарлашты. Маалыматка караганда, уюм убактылуу кармоо жайларында адам укуктарын бузууга, кыйноолорго жол бербөө, маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыз кылууда жана психикалык ооруканалардагы абалды кескин түзөтүү боюнча иш чаралардын планын иштеп чыгып өкмөткө сунуштаган. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт адамдары чакырылган "тегерек стол" жыйынында «Фридом хауздун» ушул сунуштары талкууга алынмакчы.

XS
SM
MD
LG