Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Европаны суу каптап жатат


Акыркы 24 саатта Украинын батышында болгон катуу жаан жана кыян миңдеген үйлөргө зыян келтирди.
Чукул кырдаалдар министрлигинин маалымдашынча, Львов облусунда селден 2300дөн ашуун үй жабыркады. Бир киши курман болду. 360 кыштак электрсиз калды.

Румыниядагы суу ташкын алты кишинин өмүрүн алды. Эки киши дайынсыз жок. Ырасмий бийликтер өлкө ортолугундагы Алба аймагында 200дөй кыштак электрсиз калганын билдирди.

Польша радиосу түштүктөгү Сандомерз шаарынын жанында Вистула дарыясынын деңгээли 1,5 метрге көтөрүлгөнүн кабарлады.
Жакында эле Польшанын Подкарпаси облусунда кыяндан 15 аймак жабыркаган.

Маажарстандын түндүгүндө Гернад дарыясы кирип, үч кыштактан 44 адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG