Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Экс-чемпион Боби Фишер Япониядан паанек сурады


Шахмат боюнча дүйнөнүн мурдакы чемпиону Боби Фишер АКШга мажбур өткөрүп берүүдөн качып, Япониядан кайрадан баш паанек сурады.
Фишер Вашингтондун мурдакы Югославияга каршы экономикалык санкция жарыялоосун сындап, атаандашы Борис Спасский менен Белградда беттешкен.

АКШ бийликтери Фишерди 1992-жылдан бери жоопко тарта албай жүрөт.

61 жаштагы Фишер апрелде Японияга келип, өткөн айда Филиппинге учканы жатканда кармалган. Өткөн жумада япон бийликтери экс-чемпиондун арызын негизсиз деп четке каккан болчу.

Фишер АКШга жөнөтүлсө 10 жылга эркинен ажыратылышы жана көбү 250 миң доллар айып төлөшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG