Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Судан бийликтери БУУнун резолюциясын өлкөгө “согуш жарыялоо” деп атады


Судан бийликтери Улуттар Уюмунун 30 күн ичинде Дарфур провинциясындагы гуманитардык кризисти жөндөөгө чакырган резолюциясын Суданга “согуш жарыялоо” деп баалады.

Армиянын өкүлү, генерал Мохамед Бешир Сулейман өкмөттүк “ал-Анба” гезитине бүгүн жарыяланган макалада, анын өлкөсү чет мамлекеттердин бутасына айланганын жана армия “Судандын душмандарына каршы таймашка” даяр экенин эскертти.

Дарфурдагы этникалык чатакта 50 миңдей адам өлтүрүлдү, 200 миңдей адам коңшулаш Чадга качып кетүүгө мажбур болду деп маалымдалууда.

Улуттар Уюмунун Азык Түлүк агенттиги Судандын батышындагы Дарфур чөлкөмүнө самолеттон тамак-аш жардамын таштай баштады. Агенттик Дарфурга 70 миңдей адамга жеткидей азык түлүк таштамак болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG