Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Ирактык согушчулар түркиялык айдоочуну өлтүрүшкөнү тастыкталды


Белгисиз ислам вебсайтында Иракта уурдалган түркиялык жаран өлтүрүлүп жаткан сүрөт жарыяланды. Вебсайттын маалымдашынча, түркиялык туткунду теги иорданиялык террорчу Абу Мусаб Заркави менен байланыштагы топ өлтүргөн.

Түркиянын Багдаддагы элчилиги түркиялык Мурат Жохжини ирактык барымтчалыр өлтүргөнүн тастыктады.
Жохчи Анкарада жайгашкан “Билинтур” азык-түлүк ишканасында иштөөчү.

Түркиялык “Өзтүрк” компаниясы ишемби күнү эки айдоочусу уурдалганга байланыштуу Ирактагы ишмердүүлүгүн токтотконун жарыя кылды.
“Тавид” жана “Жихад” топтору “Өзтүрк” өз кызматчыларын Ирактан чыгарып кетпесе, эки айдоочунун башы алынат деп эскерткен эле.

Түркиянын эл аралык айдоочулар ассоциациясы Ирактагы америкалык аскерлерге жүк ташууну токтотту. Ассоциациянын билдиришинче, Ирактагы кооптуу кырдаал өлкөгө жүк жөнөтүүнү токтотууга аргасыз кылган.

Ирак бийликтери Багдаддын чиркөөлөрүндө болгон бомба жардыруулары үчүн теги иорданиялык согушчул Абу Мусаб Заркавини күнөөлөдү.

Жекшемби күнү төрт чиркөөдө удаама-удаа бомба жарылып, кеминде 10 кишинин өмүрү кыйылган. 40тан көп киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG