Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

ЧЕТТЕН ЖЕР ООДАРЫП КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАР ӨКМӨТТҮН ӨГӨЙ БАЛДАРЫБЫ?


Бүгүн өкмөт үйүндө дайындуу жыйын өттү. Анда “Чет өлкөдөн тарыхый атамекенине көчүп келген кыргыздарга жардам көрсөтүү чаралары” тууралуу президенттин жарлыгынын аткарылышы талкууга алынды. Өкмөт башчы аталган жарлыкты аткаруу багытында тиешелүү министрликтер, ведомостволор тарабынан конкреттүү программалар кабыл алынбай, иш чаржайыт жүргүзүлүп жатканын сынга алды.

Жыйында өлкөнүн Тышкы иштер министри Аскар Айтматов, тиешелүү министрликтердин жана комитеттердин берген маалыматы боюнча, 2002-2003-жылга пландаштырылган иш-чара дээрлик аткарылганы айтылган.

Айтматовдун айтымында, 6 миңден ашуун кыргыздар Тажикстандагы атуулдук согуш маалында Кыргызстанга жер оодарып келген. Үч жыл аралыгында 1635 качкын кыргыздарга Кыргызстандын паспорту берилген.

Аскар Айтматовдун маалымдашынча, Кытайда 160 миңден ашуун, Тажикстанда 65 миң, Казакстанда 11 миң кыргыздар жашайт. Өзбекстанда 370 миң кыргыз бар экен. Ал эми премьер-министрдин айтымында, Өзбекстанда расмий эмес маалыматтарга караганда 1 миллионго жакын кыргыздар жашайт.

Тышкы иштер министринин айтымында, 1999-жылы Абдрашит хандын өтүнүчү менен кичи жана улуу Памирден көчүп келүүчү кыргыздарга Ош облусунун Чоңалай аймагынан жер бөлүп берүү пландаштырылган. Бирок Ооганстандагы абал калыбына келгендигине байланыштуу Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү токтоткон.

Ал эми Түркиядагы Вандык кыргыздардын 17 үй-бүлөсү Кыргызстанга келүү сунушу менен кайрылышкан. Ал эми учурда өлкө аймагында чет өлкөдөн атамекенине көчүп келген 12 миңден ашуун кыргыз бар. Аларга жардам берүү жана социалдык маселелерин чечүү максатында Аскар Айтматов өкмөткө сунуш менен кайрылды:

- Өзбекстан жана Тажикстан өкмөтү менен сүйлөшүп, ал жердеги жана чет өлкөлөрдөгү кыргыздарга жардам көрөсөтүү боюнча атайын программа иштеп чыгуу зарыл. Билим берүү министрлиги кыргызча окуу китептери менен камсыз кылып, Саламаттык сактоо министрлиги атайын топ түзүп, жеринде текшерип, чет мамлекеттик уюмдар аркылуу гуманитардык жардам берүү керек. Ал эми Ички иштер министрлиги бул жерге жер оодарып келген улутташтарды каттоодо жеңилдиктерди берип, жергиликтүү администрация арендага жер, Эмгек жана соцалдык коргоо министрлиги ар тараптуу жардам көрсөтүүсү зарыл.

Жыйында премьер-министр Николай Танаев 4 жылдан бери президенттин “Чет өлкөдөн тарыхый атамекенине көчүп келген кыргыздарга жардам көрсөтүү чаралары” тууралуу жарлыкка байланыштуу тиешелүү министрликтер, ведомостволор уюштуруу иштеринде башаламан иш алып барып, жыйынтыгында жер оодарып келген кыргыздар кыйналып жатканын айтып, жыйынга келген жетекчилерди сынга алды.

Премьердин айтымында жер оодарып келген кыргыздардын дээрлик баардыгы Чүй өрөөнүнө көчүп келүүдө. Ысыккөл облусу жер оодарып келген кыргыздарга жер жок деген жообун берсе, Нарын облусу жер оодарып келген канча кыргыз болсо да кабыл алааарын билдирген.

Жыйын соңунда Танаев жер оодарып атамекенине көчүп келген кыргыздардын көйгөйлөрүн тез аранын ичинде чечүү максатында конкреттүү программаларды иштеп чыгып, 2-сентябрга чейин өкмөткө тапшыруусун тиешелүү министрликтердин, ведомостволордун жетекчилерине милдеттендирди.

-Азыр айрым кызматкерлер эс алуу отпускасында жүргөндүгүнө байланыштуу 2-сентябрда конкреттүү программаңарды өкмөткө тапшыргыла,-деди Николай Танаев.

Ал эми Панфилов районунун Кайыңды айылында Тажикистандан жер оодарып келип отурукташып калган Айсулуу Набиева качкын кыргыздарга өкмөт тарабынан эч кандай көңүл бурулбагандыгын мындайча билдирди:

-Мен Панфилов районундагы Кайыңдыдан келдим. Учурдагы жашообуз абдан эле кыйын. Эркектерибиз малай болуп орустардын ар кыл жумуштарына чыгышат, эптеп тапкан 40-50 сом күнүмдүк нан-чайга кетет. Өкмөттөн эч кандай жардам жок.

Кыргызстандын паспортун алып, дыйканчылык кылууга мүмкүнчүлүк алалбаган, Ысыката районунун Жээк айыл өкмөтүнө байырлап туруп калган Сарабеков Сапарбек айыл өкмөтүнөн жерди арендага ала албай жатканын билдирди:

- Биз жашаган жерде он үй-бүлө барбыз. Эптеп жүрүп паспорт алганбыз. Биз негизинен дыйканчылык кылабыз. Иштетелик десек жер жок. Биртике жерди арендага сатып алабыз. Менин сегиз балам бар. Уулдарыма жумуш жок. Ар кимдин жумушун кылып, биртике тыйын табышат. Эгерде айыл өкмөтү жерди арендага берсе өзүбүз иштетип, ирденип кетет элек. Өкмөт тараптан эч кандай кайрымдуулук жок. Биздин акыбалыбызды сурап койгон жан жок.
XS
SM
MD
LG