Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

СӨЗ ЭРКИНДИГИ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАНА ТАЖИКСТАНДА КАНДАЙ?


Өткөн жуманын аягында Тажикстандагы көз карандысыз басылмалардын башында турган, тажик өкмөтүнө оппозициялык маанайдагы «Рузи-нав» гезитинин редакторун белгисиз адамдар сабап кетишкен. Гезит редакторунун айтымында бул катар-катар жарыяланган бир нече макалалардан кийин болгон окуя. Тажикстанда сөз эркиндиги жок дешет журналисттер. Ал эми Кыргызстанда абал кандай?

Тажикстанда эркин басылмалар көп болгону менен өкмөттү сындап, мамлекеттик бийликтин айрым мүчүлүштүктөрүн бетке айткан эки эле гезит бар дешет журналисттер. Алар «Неруи-сухан», кыргызча которгондо «Сөз күчү» жана «Рузи-Нав» («Жаңы күн») деп аталган басылмалар. «Неруи-сухан» эркин гезитинин кабарчысы Жуйдим Химдин айтымында Тажикстанда сөз эркиндиги бар деп айтылганы менен, иш жүзүндө андай эмес:

- Тажик республикасынын мыйзамынын 30-беренеси боюнча цензура жок деп жазылганы менен, иш жүзүндө андай эмес. Ал эми маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдын 6-беренесинде президенттин жана мамлекеттин ар-намысына шек келтирбеген макалаларды жарыялоого болот деп айтылган. Бизди көбүнчө ушул мыйзам менен, мамлекеттин ар-намысына шек келтиргенсиңер деп кыйнап келишет. Ошондон улам, мамлекеттик кызматкерлерди сындоо мындай турсун, бийликтин туура эмес иш жүргүзүп, экономиканын аксап жаткандыгын айтуу да биз үчүн кыйынга туруп калды.

Журналисттердин айтуусу боюнча, Тажикстанда мамлекеттик кызматкерлер массалык маалымат каражаттары менен соттошууга барышпайт. «Немец толкуну» радиосунун кабарчысы Хайрулло Мирсаидовдун сөзү боюнча, чиновниктер сотко кайрылгандан көрө өзүнүн абийирине шек келтирди деп санаган кабарчыны килемге чакырууну туура көрүшөт:

- Биздин чиновниктер журналисттер менен соттошуп, убара болгулары келишпейт. Андан көрө аларга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сабап же дагы башка жол менен ооздорун жаап койгон оңой. Согди облусунда көз карандысыз маалымат каражаттары жок, бардыгы бийликтин көзүн карашат. Анткени бийлик тарабынан көзөмөл күчтүү, бирдеме болсо эле килемге чакырышат.

Июль айынын аягында Тажикстандагы оппозициялык маанайдагы «Рузи-Нав» гезитинин редактору Ражаби Мирзону белгисиз адамдар сабап кетишкен. Редактор муну атайын кимдир-бирөөлөрдүн буйругу менен болгон, саясий иш деп эсептейт. Ражаби Мирзого кол салуу биринчи жолу болгон жок. Үстүбүздөгү жылдын башында Ходжент шаарында жүргөн мезгилинде аны үч кесиптеши менен кошо белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишкен. «Ошондо деле бул атайын буйруктун негизинде жасалган болсо да, унчуккан эмесмин. Эми минтип дагы кайталанып отурат» дейт Ражаби Мирзо өз сөзүндө. Ал кол салуудан кийин тийиштүү чараларды көрүүсүн өтүнүп, мамлекет башчысына, эл аралык уюмдарга кат жолдогон. Учурда журналист үйүндө дарыланып жатат.

«Неруи-сухан» гезитинин кабарчысы Жуйдим Химдин айтуусунда бийлик өзүнө жакпаган басылмаларды борбордук басмаканадан чыгарбай коюу чарасын көп колдонот:

- Шайлоолор жакындаган сайын мамлекеттик чиновниктер эркин журналисттердин жана маалымат каражаттарынын аркасынан түшө башташты. Өздөрүнө жакпаган басылмаларды мамлекеттик басмаканадан чыгартпай коюшат. Менчик басмаканалардын сапаты начар. Бирок алар дагы биздин гезиттерди басуудан жалтанышат. Себеби эркин басмаканалар оппозициялык маанайдагы гезиттерди басышса, алардын лицензияларын алып коюшат.

Азыркы учурда ушундай тагдырды «Адам жана дүйнө» деп аталган дагы бир оппозициялык гезит башынан кечирүүдө. Алар министрлерди жана алардын орун басарларын сындап койгондугу үчүн июль айынын ортосунда «Озоди шарк» борбордук басмаканасы гезитти басуудан баш тарткан. Бүгүнкү күндө аталган басылма сапаты начар менчик басмаканалардын биринен чыгып жатат.

Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу сөз эркиндиги бар делген Кыргызстанда абал кандай? Бийликтин саясатына оппозициялык маанайдагы эркин маалымат каражаттарын сот аркылуу жабуу же банкротко учуратып, жашоосун токтотууга мажбур кылуу Кыргызстанда күч экендиги тууралуу көп айтылат. Мындан башка эстей кетчү окуя - өткөн жылы 15-сентябрында «Кыргыз руху» гезитинин кабарчысы, 24 жаштагы журналист Эрнис Назаловдун табышмактуу өлүмү эмнеден кабар берет? Анын өлүмүнө байланыштуу козголгон тергөө иши эмдигиче аягына чыга элек.

Ошондой эле эки жыл мурун, «Моя столица» гезитинин шеф-редактору Рина Приживойттун кызынын жана үстүбүздөгү жылы «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын уулунун белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалуусу коомчулукта аталган журналисттерге алдыртан берилген эскертүү катарында кабыл алынган. «Республика» гезитинин редактору Замира Сыдыкова бул атайын буйрук менен жасалган деп эсептейт:

- Эгер биздин өзүбүзгө кол салуу болсо, бийлик коомчулуктун алдында, эл аралык уюмдардын алдында эмне деп актанарын билбей кыйналмак. Ошондуктан бизге алдыртан эскертүү, коомчулукка балдар токмок жегендей кылып, биздин балдарга кол салууну уюштурушту. Мен булардын бардыгын бийликтин колунан келип жатат деп эсептейм.

«Журналисттердин укугун коргоо» коомдук уюмунун жетекчиси Алишер Токсонбаевдин ою боюнча Кыргызстандын бийлиги сөз эркиндигин ооздуктоонун түрдүү жолдорун колдонуп келатат:

- Кыргыз бийлиги өз оюн ачык айткан журналисттерди, мамлекеттик саясатты сындаган эркин маалымат каражаттарын ар кандай жолдор менен муунтуп келе жатат. Кабарчылардын өздөрүн белгисиз бирөөлөр тарабынан сабатып, сот аркылуу журналисттерди куугунтуктап, ошондой эле маалымат каражаттарын финансылык жактан кысымга алуу менен сөз эркиндигин ооздуктоого аракеттер азыркыга чейин жүрүүдө. Ошондой эле Бишкектен башка аймактарда эркин басма үйлөрүнүн жоктугу да маалымат каражаттарынын бийликтен көз каранды болуусуна алып келип жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG