Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

АКШ элчилиги Тажикстанда журналисттин сабалышына тынчсыздануу билдирди


"Рузи Нау" гезитинин редактору Ражаб Мирзону өткөн бейшембиде баш калаа Дүйшөмбүдө үйүнө бараткан жолдо белгисиз бирөөлөр темир сом менен сабап кетишкен. АКШнын элчилиги бул кылмыш боюнча тергөө башталганын жакшы жөрөлгө деп баалады.

"Aзаттыктын" кабарчысы менен маегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюмунун Тажикстандагы маалымат катчысы Саадат Хасанова тажик бийликтерин кылмышкерлерди издеп табууга чакырды.

"Рузи Нау" гезити учурда жеке менчик басмаканада басылат. Мамлекеттик басмакана өткөн жылы аны чыгаруудан баш тарткан эле.

Таңкы жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG