Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

4-августка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 4-августта Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27 градус.
Республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН дубандарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33 градус ысык болот.
Ал эми ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24 градус жылуу.
НАРЫН өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25 градустун айланасында.
ЧҮЙДӨ түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32 градус.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ жамгыр себелеп, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG